14:02 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Маданият

Таланты ташкындаган сүрөтчүлөр. Чокморов менен Садыковдун таберик сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (79)
126 0 0
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен СССРдин эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун бул сүрөтү 1980-жылдардын башында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен СССРдин эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун бул сүрөтү 1980-жылдардын башында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ошол учурду 83 жаштагы скульптор Тургунбай Садыков мындайча эскерет:

"Анда жаш кез, маданият гүлдөп турган учур. Гапар Айтиев, Семён Чуйков өңдүү классиктердин көпчүлүгүнүн көзү тирүү болчу. Чокморов Фрунзедеги көркөм өнөр училищесин аяктап, кийин Ленинград шаарында билимин жогорулатып келген. Кыргызстандыктарга ал тасмалар аркылуу актер катары жакшы таанылган эмес беле. Андан сырткары, ал Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болуп, көргөзмөлөргө көп барчу. Негизи Сүймөнкулдун мыкты эмгектери бар. Алардын көпчүлүгү азыр музейде турат. Ал өтө жөнөкөй инсан эле, узак убакыт кесиптеш катары жакын мамиледе  болуп калдык", — деди Садыков.

Өз чыгармачылыгында актерлук менен сүрөтчүлүктү чогуу алып барган Чокморов "биринчи сүрөтчүмүн, анан гана актермун" деп айткан жайы бар. Ал эми Тургунбай Садыков 1991-жылы борбор калаада Улуттук көркөм өнөр академиясын ачкан. Анын алдында атайын мектеп, колледж, жогорку окуу жайы бар. Сүрөтчү аталган мекемени жетектеп, жаштарды тарбиялоо менен алек.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (79)

Тема боюнча

Кылыктанган кыздардын курчоосундагы Чарлтон Хестон. "Чыңгыз хандан" таберик сүрөт
Эрте жанып, эрте кеткен режиссер Аман Камчыбеков. "Каныбектеги" таберик сүрөт
Жаш келиндин толготкон үнүн жаздырып... "Саманчынын жолундагы" таберик сүрөт
Белгилер:
таберик сүрөт, Сүймөнкул Чокморов, Тургунбай Садыков, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ