17:18 23 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Маданият

Жаш келиндин толготкон үнүн жаздырып... "Саманчынын жолундагы" таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (81)
189 0 0
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин сүрөтү 1960-жылдардын башында тартылган
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы Раушан Сармурзина менен болочоктогу саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин сүрөтү 1960-жылдардын башында тартылган.

Ал жылы режиссёр Геннадий Базаров Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтун аяктагандан кийин залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен "Саманчынын жолу" тасмасын тарта баштаган.

Ошол учурду Токтогул Какчекеев мындайча эскерет:

"Геннадий Базаров "Саманчынын жолуна" мени өзү чакырган. 17 жашта элем, негизи анда актёр болоюн деген деле оюм жок болчу. Ага чейин "Ала-Тоо" кинотеатрында киномеханик болуп иштеп, кийин Төлөмүш Океевдин чакыруусу менен Кыргызфильмде иштеп калдым. Ошентип жүрүп "Саманчынын жолу" тасмасынын чыгармачыл тобуна кошулуп, алгач жардамчы, анан ассистент болуп роль аткарып калгам. Тасманын көпчүлүк бөлүгү Тоң жана Кочкор районунда тартылган. Ал эми поезд келген учур союз кезинде Казакстан Кыргызстанга ижарага берген Кенес-Анархай деген жерде болгон. Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Бакен Кыдыкеева өңдүү залкарлар менен иштедим. Алар шайыр, оор басырыктуу, кайгылуу образдарды ийине жеткире аткарган. Тасма соңуна чыккандан кийин көркөм кеңештин мүчөлөрү көрүп чыгып, Алимандын төрөп жаткан учурун жактырбай алып салууну сунуштаган. Ошондо Толгонайдын образын жараткан Бакен Кыдыкеева "аялдар ушинтип эле кыйналып төрөйт" деп алдырбай койгону эсимде. Ал эми ошол кадрдагы үндү биздин режиссёрлор атайын Бишкектеги №1 төрөт үйүнө барып, толготуп, кыйналып көз жарып жаткан жаш келиндин үнүн жаздырып алып колдонгон", — деди Какчекеев.

Аталган тасмада Таттыбүбү Турсунбаева, Лидия Ашрапова, Насыр Кытаев, Нуртай Борбиев, Тургун Бердалиев да роль жаратып, 23 жаштагы Базаровдун эмгеги 1967-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (81)

Тема боюнча

Кылыктанган кыздардын курчоосундагы Чарлтон Хестон. "Чыңгыз хандан" таберик сүрөт
Анда жапжаш кездери. Мамбет Мамакеев менен Төлөмүш Океевдин таберик сүрөтү
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, "Саманчынын жолу", Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ