Ошто 5 улуттун өкүлдөрү төө, топоз менен кербен жүрүшкө чыгат. Программа

© Фото / пресс-служба МКИТОш шаарындагы маданий фестивалы. Архив
Ош шаарындагы маданий фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль "Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык иш-чарасынын алкагында өтмөкчү.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош шаарында "Ош Фест — 2019" туристтик фестивалы өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган фестиваль "Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык иш-чарасынын алкагында 17-августта болмокчу. Анда беш улуттун өкүлдөрү кербен жүрүшкө чыгат, улуттук тамак-аш жана каада-салттар көрсөтүлөт. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулары айтылат.

Иш-чаранын программасы төмөнкүчө:

Бизнес-форум Туристический потенциал города Ош и Ошской области на Великом Шелковом Пути - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарын түрк тилдүү элдерге таанытуу уланууда. Кезек бизнес-форумда
18:00 — Улуу Жибек Жолундагы "Чыгыш кербени" "Сулайман-Тоо" музейинен "Алымбек Датка" этнографиялык комплексине чейин жүрөт. Төө, топоз жана аттарга артылган жүктөрү менен кыргыз, өзбек, фарсы, индус жана кытай улуттарынын өкүлдөрү жол тартышат. (Маршруту: Алишер Навои көчөсү менен барып Курманжан Датка көчөсүнө бурулат);

18:45 — "Алымбек Датка" этнографиялык комплексинин оң тарабында расмий коноктор "Тамак-аш жарманкеси" менен таанышат. Чет элден келген туристтер менен баарлашат. Мындан тышкары, "Ош базары" жер-жемиш, "Кол өнөрчүлөр" жарманкелери уюштурулат.

19:35 — Көп улуттуу Ош элинин каада-салты менен таанышуу жүрөт.

Этнографиялык борбордун аллеясында "Кеште терме" фестивалынын кол өнөрчүлөр көргөзмөсүн ачуу аземи өтөт.

20:00 — "Сулайман Тоо" музей комплексинин алдында "Ош Фест — 2019" туристтик фестивалынын театрлаштырылган композициясы тартууланып, Таттыбүбү Турсунбаеванын жаркын элесине арналган "Алтын өрөөн" республикалык дизайнерлер фестивалынын улуттук кийимдердин мода көргөзмөсү менен уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0