Бишкекте кытай сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековГапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейи. Архив
Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмөгө кытай сүрөтчүсү Чжан Би Юйдун 75ке чукул эмгеги коюлат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Борбор калаада Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинде кытай сүрөтчүсүнүн көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу аталган музейдин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, иш-чара 15-августта башталып, 20-августка чейин уланат.

"Көргөзмөгө кытай сүрөтчүсү Чжан Би Юйдун 75ке чукул эмгеги коюлат. Ал Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат", — деп жазылат маалыматта.

Чжан Би Юй Россиянын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Анын коллекциялары Кытай, Россия, Украина, Польша, Италия өлкөлөрүнүн музейлеринде орун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0