Ошто ART-ORDO театр фестивалы өтөт

Жазылуу
Фестиваль 23-сентябрдан 28-сентябрга чейин уланат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ош шаарында  "Арт-Ордо" эл аралык VII театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара КР эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата уюштурулмакчы.

Фестиваль 23-сентябрдан 28-сентябрга чейин уланат.

Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айтышты сагындыңызбы? Кыргыз-казак акындары кыл чайнашат
Жамал Сейдакматова Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, "Туңгуч" театрын негиздеген залкар инсан. Сейдакматова атамекендик ондогон мыкты тасмаларда роль жараткан. Алардын ичинде "Акбаранын көз жашы", "Караш-Караш окуясы", "Ак илбирстин тукуму", "Кара кийикке жол" сыяктуу бир топ фильмдери бар.

1957-жылдан тарта Кыргыз драма театрында эмгектенип, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн орун алган жүздөгөн каармандардын образын жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0