Айтышты сагындыңызбы? Кыргыз-казак акындары кыл чайнашат

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомузчу. Архив
Комузчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу өлкөдөн сегиз төкмөнүн келиши күтүлүүдө. Байге фондусу — 2 миллион сом.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө карата залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган XIII эл аралык айтыш өтө турганын республикалык "Айтыш" коомдук фондусунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ага коңшу Казакстандан сегиз акындын келиши күтүлүүдө. 30-31-август күндөрү Улуттук филармониянын чоң залында өтө турган айтышка эки өлкөдөн 16 төкмө катышат.

"Тандоо туру 20-август күнү КТРКнын концерттик залында өтөт. Мында да салтка айланып калгандай эле кош байге сайылат. Байге фондусу — 2 миллион сом", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0