Мургабдык кыргыздар Тажикстанда көчмөндөрдүн фестивалын уюштурат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүФестиваль прикладного народного искусства в Нарыне
Фестиваль прикладного народного искусства в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндүк иш-чара спорттук мелдеш жана ыр-күү менен коштолот.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мургабдык кыргыздар Тажикстанда көчмөндөрдүн фестивалын өткөзөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 10-11-августта Мургаб районунда болот. Анда этникалык кыргыздар эр оодарыш, кыз куумай, көк бөрү, тыйын эңмей, аркан тартыш боюнча түрдүү мелдештерге катышмакчы.

Мындан сырткары, фестиваль кыргыз элинин улуттук ыр-күүлөрү менен коштолору маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0