07:57 15 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Маданият

Кылыктанган кыздардын курчоосундагы Чарлтон Хестон. "Чыңгыз хандан" таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (87)
294 0 0
Кылыктанган кыздардын курчоосундагы Чарлтон Хестон. Чыңгыз хандан таберик сүрөт
© Александр Федоров.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү америкалык актер, 50дөн ашык тасмада роль жараткан Чарлтон Хестон менен кыргыз кыздарынын сүрөтү 1992-жылы Чүй облусунда тартылган.

Ал жылы кыргызстандык жана чет элдик киночулар "Чыңгыз хан" тасмасын биргеликте тартууга киришкен. Фильмге англиялык Кен Эннакин менен Төлөмүш Океев режиссерлук кылып, фильмди тартуу иштери Ысык-Көл, Чүй облустарында жүргөн. Ага жергиликтүү тургундар да катышып калган.

Ошол учурду фотограф Александр Федоров мындайча эскерет:

"Тасма тартылган жылы Кыргызстанга дүйнө жүзүнө белгилүү бир топ инсандар келген. Алардын арасында "Оскар" сыйлыгына жети жолу көрсөтүлгөн Чарлтон Хестон да бар болчу. Жашы өтүп калгандыгына байланыштуу атайын "Чайка" унаасы да ижарага алынган. Актер менен бүт баары, жада калса америкалык актерлор дагы сүрөткө түшкүсү келчү. Ал эми бул кадрды Хестон репитиция кылып жаткан маалда "кармап" калгам. Чыгаан инсан берилип даярданып жаткандыктан, артындагы массовкадагы кыздардын күлкүсүнө да көңүл бурган эмес", — деди Федоров.

Аталган тасмага тартылууга ошондой эле атактуу италиялык актер Ричард Тайсон, сингапурлук актриса Жулия Никсон, америкалык Родни Грант да катышкан. Бирок каржылык маселелерге байланыштуу эмгек соңуна чыкпай, көрүүчүлөргө сунушталган эмес.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (87)

Тема боюнча

Анда жапжаш кездери. Мамбет Мамакеев менен Төлөмүш Океевдин таберик сүрөтү
Ар бири өзүнчө университет эле... "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт
"Түштүктүк кыздар" Таттыбүбү Турсунбаева менен Клара Юсупжанова. Таберик сүрөт
Белгилер:
таберик сүрөт, кино тасма, Чыңгыз хан, кыргызстандыктар

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ