13:20 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Барбершоп — эркектин чачын, сакал-мурутун тегиздеп, жасалгалап берген адам.  Архивдик сүрөт

Event-менеджер, стрингер, доула… Заманбап кесиптерди билип алыңыз

© Sputnik / Григорий Сысоев
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)
232 0 0

Жыл өткөн сайын кесиптердин дагы саны артып, улам бир жаңы аталышка ээ болуп, тилди байытып келет. Айрымдары кесип катары таанылса, кээси кызмат көрсөтүүнүн түрү болуп саналууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тибиртке" рубрикасынын алкагында жаңы кесиптердин аталышын жана алардын көрсөткөн кызматын жазды.

Брейдер — чачты өргөн адис, чач тарач;

Барбершоп — эркектин чачын, сакал-мурутун тегиздеп, жасалгалап берген адам;

Брокер — далдалчы. Соода-сатык, ишкерлик жаатында ортомчу адам. Сатуучу менен кардарды табыштырып, баалуу кагаздар менен иш алып барат;

Копирайтер — интернет сайттарга, баракчаларга жарнамалык же жөн гана ар кыл темада текст жазып берген адам;

SMM — чечмелениши Social Media Marketing же социалдык тармактагы маркетинг. SMM-адистери компаниянын ишин социалдык тармактарда жайылтуу менен алектенет;

Event-менеджер — иш-чаралардын уюштуруучусу;

HR-менеджер — кардарлар бөлүмүнүн кызматкери. Жумушчуларды ишке алуу жана аларды өнүктүрүү менен алектенет;

Доула — грек тилинен которгондо "күң, кызматкер" дегенди түшүндүрөт. Боюнда бар аялдарга төрөткө чейин жана төрөттөн кийин психологиялык колдоо көрсөтөт;

IT-адис — жогорку маалыматтык технологиялар жаатында иш алып барган адам;

Бильд-редактор — сүрөт редактору. Адатта агенттиктерде сүрөт тандоо, аларды жайгаштыруу менен алектенишет;

Нейл-мастер — колу-буттун тырмактарын кооздоп боёгон чебер;

Лешмейкер — кирпик кошуу боюнча адис;

Бьюти-блогер — булар модель эмес. Социалдык тармактар аркылуу сулуу болуу, өзүңө кам көрүү тууралуу постторду жазышат же видео сабактарды жүктөп турушат;

Ресепшн — мейманканаларда кардарларды кабыл алуучу;

Web-master — интернет сайтты түзүп, тиркемелерди ойлоп табат;

Web-дизайнер — интернет сайтты жасалгалайт;

Гид — туристтерге жер көрсөткөн адам. Ал бир нече тилди, тарыхты билүүсү маанилүү;

Стрингер, фрилансер — штаттан тышкаркы кабарчы, эркин журналист;

Ютубер — YouTube видеохостингинде активдүү иш алып барган адам;

Лайф-коуч — популярдуу кесиптердин бири болуп саналат. Ал турмуштук маселелер жана кырдаалдар боюнча кеңеш берип, жашоону кызыктуу кылууга көмөк көрсөтөт;

Пиццмейкер, пиццайоло — пицца жасаган чеберди аташат;

Парфюмер — атыр чыгарган компаниянын кызматкери, сатуучу жана жыттардын ойлоп табуучусу.

Тема:
Тибиртке — кыргызча туура сүйлөйбүз (75)

Тема боюнча

Брокер, маклер, дуополия, вето... Экономикалык сөздөрдүн эбин таба аласызбы?
Тарыхый сөздөрдүн маанисин билесизби? Зоолу, бычан, шап, оттук...
Справка, доверенность, расписка. Документтердин кыргызча аталышын билесизби?
Белгилер:
кыргыз тили, кызмат, кесип, сөз, тибиртке

ЭҢ МААНИЛҮҮ