Обондуу ырларга республикалык сынак жарыяланды

Жазылуу
Конкурстун байге фондусу 420 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Композиторлор союзу менен биргеликте обондуу ырларга республикалык сынак жарыялады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, сынактын максаты — патриоттук сезимди ойготуп, музыканын көркөмдүк деңгээлин көтөрүп, жаш таланттарга стимул берүү.

Талаптары:

  • ырдын темасы жана идеясы заманга үндөш болушу шарт;
  • улутка, мамлекетке болгон тематикалык ырларды ар тараптан ачып ырдап берүү керек;
  • текст менен музыканын шайкештиги;
  • музыкалык тилде оригиналдуу болушу зарыл;
  • музыкалык формалардын даана, так сакталышы шарт;
  • чыгарманын мазмуну, стили жана тематикасына чектөө коюлбайт.

"Мындан сырткары, буга чейин ырдалып чыккан жана кароо-сынактарга катышкан обондор каралбайт, авторлордун жаш курагы, улуту жана кесиби чектелбейт. Катышуучулар 30-сентябрга чейин чыгармаларынын ноталарын СD-дискке MP 3 форматында көчүрүп, министрликке жана Композиторлор союзуна жөнөтүшү керек", — деп жазылат маалыматта.

Сынактын байге фондусу 420 миң сом. Талапкерлер эмгектерин kompozitory@mail.ru жана iskusstvo_art@mail.ru электрондук даректерине жиберсе болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0