Таласта Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн атайын комитет түзүлдү

Жазылуу
Иш-чараны жыл сайын уюштуруу пландалууда.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.

"Оюндардын маданий бөлүгү, этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас Ордо" комплексинде уюштурулат. Ал эми спорттук бөлүгү Алканов атындагы ат майданында болмокчу", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндары алгачкы ирет Талас облусунда, ушул жылдын сентябрында өтөт. Аны жыл сайын уюштуруу пландалууда.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0