13:54 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Маданият

Анда жапжаш кездери. Мамбет Мамакеев менен Төлөмүш Океевдин таберик сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (79)
250 0 0
Атактуу хирург Мамбет Мамакеев, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев жана дарыгерлердин сүрөтү 1980-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
предоставлено Александром Федоровым

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Атактуу хирург Мамбет Мамакеев, белгилүү режиссер Төлөмүш Океев жана дарыгерлердин сүрөтү 1980-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ошол жылы СССРдин эл артисти Океев "Алтын күз" тасмасын тартууну баштаган. Сценарийин Мар Байжиев жазып, ага Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Болот Миңжылкыев да катышкан.

Бул ирмемди фотограф Александр Федоров кармап калган. Ал сүрөт борбор калаадагы ооруканалардын биринде иш маалында тартылгандыгын айтты.

Ошол кезеңди Кыргыз эл баатыры Мамбет Мамакеев мындайча эскерет:

"Тасма тартылганда медицина тармагында иштеп жүргөм, 53 жашта болчумун. Океев менен кошуна болгондуктан катышыбыз бар эле. Бир тууган иинимдей көрчүмүн, Төлөмүш болсо «агалап» турчу. Ал өзүнүн тарта турган киносуна катышуумду сунуштады. Менин пикиримде, ал картинасында ак халатчандардын эмгегин жакшы ачып берген. Азыр Океевдей кыргызда таланттуу инсан жок. Жөнөкөй, тамашакөй жана акылман жан эле. Чындыгында  эрте кетти, а бирок артында күчтүү, күчтүү тасмалары калды. Өмүрү узун болгондо кыргыз маданиятына далай кинолорду бермек.  Анын эмгегин кыргыз эли да, мен да унутпайм", — деди Мамакеев.

Аталган тасмада Аида Юнусова, Димаш Ахимов, Хамар Адамбаева, Жамал Сейдакматова, Лидия Ашрапова, Макиль Куланбаев, Алмаз Кыргызбаев, Асек Жумабаев, Орозбек Кутманалиев, Советбек Жумадылов өңдүү таланттуу актерлер да роль жаратышкан. Фильм 1981-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (79)

Тема боюнча

Конок тоскон Усубалиев менен Айтматов. Фрунзедеги фестивалдын таберик сүрөтү
"Түштүктүк кыздар" Таттыбүбү Турсунбаева менен Клара Юсупжанова. Таберик сүрөт
45 жыл илгери... Бири-бирин теше тиктеген Күйүкова менен Шамшиевдин таберик сүрөтү
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Төлөмүш Океев, Мамбет Мамакеев, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ