07:28 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Оймо фестивалынын башкы директору Динара Чочунбаева
© Sputnik / Асель Акматалиева

Чочунбаева: быйыл "Оймо" фестивалында жаш кол өнөрчүлөргө көбүрөөк көңүл бурулат

Маданият
Кыскача шилтеме алуу
81 0 0

"Оймо" фестивалынын башкы директору Динара Чочунбаева аталган фестиваль 25-июлда Бишкек шаарында башталарын айтты.

Бул жылы өтө турган эл аралык "Оймо" фестивалында жаш кол өнөрчүлөргө көбүрөөк көңүл бурулуп, жаңы ысымдарды чыгарууга аракет жасалат. Бул тууралуу Динара Чочунбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

Анын айтымында, улуу муундагы көл өнөрчүлөр жаштарга маданий мурастарды өткөрүп берүүгө тийиш.

"Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы быйыл Бишкекте 25-июль күнү башталат. Ал эми 29-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланат. Учурда даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Фестивалга катышүү үчүн чет мамлекеттен 60тан ашык кол өнөрчүнүн келиши күтүлүп жатат. Быйылкы фестивалдын өзгөчөлүгү — жаштарга көбүрөөк көңүл бурулуп, алардын эмгектерин көрсөтүүгө басым жасалат. Жаңы ысымдарды чыгаруу менен, улуу муундагы чеберлер маданий мурастарды жаштарга өткөрүп берүүгө тийиш. Антпесе улуттук баалуулуктар жоголуп кетиши мүмкүн", — деди Чочунбаева.

Ал ошондой эле маданий иш-чарада Манас айтуу, концерт жана тарыхый темадагы документалдык, анимациялык тасмалар көрсөтүлө турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Ысык-Көлдүн Тоң районунда "Тескей Жээк" этнофестивалы уюштурулат
Белгилер:
маданият, маданий мурас, Международный фестиваль "Оймо"

ЭҢ МААНИЛҮҮ