Эки аптадан кийин Бишкекте "Оймо" фестивалы башталат

© Фото / Ярослав МальцевМеждународный фестиваль культуры "Оймо"
Международный фестиваль культуры Оймо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фестиваль жыл сайын июль айынын акыркы жумасында болуп келет.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы быйыл Бишкекте 25-июль күнү башталат. Бул тууралуу иш-чаранын негизги уюштуруучусу, CACSARC-kg кол өнөрчүлөрдү колдоо борборунан билдиришти.

Эр эңиш оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн Тоң районунда "Тескей Жээк" этнофестивалы уюштурулат
Фестивалдын уландысы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 29-июлдан 4-августка чейин болмокчу.

Быйыл фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Афганистан, Өзбекстан, Грузия, Россия, Индия жана башка өлкөлөрдүн кол өнөрчүлөрү катышат.

Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу. Андан сырткары, Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

Программа боюнча катышуучулар алгачкы күнү парадга басышат. Андан соң балдар жана чоңдор үчүн кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, жергиликтүү жана чет элдик дизайнерлерден мода көргөзмө сунушталат. Манас айтуу, концерттер жана тарыхый темадагы документалдык, анимациялык тасмалар көрсөтүлмөкчү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданият, искусство жана кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Алышбаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Алышбаева: Бишкекте ири фестиваль башталды
Иш-чаранын медиа өнөктөшү — Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу.

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттиги жана радиосу. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0