16:44 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Маданият

45 жыл илгери... Бири-бирин теше тиктеген Күйүкова менен Шамшиевдин таберик сүрөтү

Кыскача шилтеме алуу
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (79)
25620
Белгилүү режиссер Болот Шамшиев менен СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын сүрөтү 1974-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү режиссер Болот Шамшиев менен СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын сүрөтү 1974-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Бул ирмемди фотограф Александр Федоров кармап калган. Ал  "Кыргызфильм" студиясынын короосунда Күйүкованы гриммдеп, көйнөктөрдү ченеп жаткан маал экенин айтып берди.

Ошол жылы Шамшиев жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасын тартууга киришип, анда Күйүкова бүбүнүн ролун жараткан.

Ошол учурду режиссер Болот Шамшиев мындайча эскерет:

"Ак кемеде" режиссер катары актерлорду өзүм тандагам. Актриса бүбү кемпирдин образын ийине жеткире аткарган. Ал актерлук жогорку билими жок эле залкар талант жана көрүүчүлөрүн сезе билген, алардын ички сезимин чындап ойгото алган кыргыздын сыймыгы эле. Менин чыгармачылыгымда "Аптап" кинокартинама да тартылган. Даркүл Күйүкованы башка тасмаларыма чакырбагандыгыма абдан өкүнөм, аны көп жолу тартышыбыз керек эле. Менин ага ылайыктуу эмгектерим аз болду", — деди Шамшиев.

Аталган кинодо ошондой эле Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев, Турсун Уралиев, Чоро Думанаев, Нургазы Сыдыгалиев, Сабира Күмүшалиева, Назира Мамбетова жана Айтурган Темирова роль жараткан.

"Ак кеме" 1976-жылы Фрунзеде өткөн Бүткүл союздук IX кинофестивалда баш байгеге ээ болуп, аны тарткандар кийинки жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Өмүрүн театр жана киного арнаган Даркүл Күйүкова тууралуу кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (79)

Тема боюнча

"Түштүктүк кыздар" Таттыбүбү Турсунбаева менен Клара Юсупжанова. Таберик сүрөт
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, "Ак кеме" тасмасы, Даркүл Күйүкова, Болот Шамшиев, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ