Өкмөт драма театрларды оңдоого 198 миллион сом бөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасы. Архив
Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сахнасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү чечимге Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Театралдык-оюн зоок мекемелеринин имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн өкмөт 198 миллион сомдон ашык каражат бөлмөй болду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Ага ылайык, каражат төмөнкү драма театрларга бөлүнмөй болду:

  • Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына — 84 605 100 сом;
  • Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрына — 97 658 300 сом;
  • Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына — 16 000 000 сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0