Маргарита Симоньян Россиянын мыкты медиаменеджери аталды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүМаргарита Симоньян. Архив
Маргарита Симоньян. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттер коомчулугу ал башкарган ЖМКлар даярдаган социалдык долбоорлорду баалады.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин жана RT телеканалынын башкы редактору Маргарита Симоньян "Россиянын медиа-менеджери — 2019" улуттук сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Финалисты третьего сезона проекта Ты супер! - Sputnik Кыргызстан
"Ты супер!" финалына чыккан балдар үйлүү болушту. Ыйлаткан видео
Журналисттер коомчулугу ал башкарган ЖМКлар даярдаган социалдык долбоорлорду баалады. Анын ичинде мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдүн медиа тармагын бириктирген Sputnik Pro, жетим калган балдарга жаңы үй-бүлө тапканга жардам берген "Найди меня, мама" долбоорлору бар.

Ошондой эле Симоньяндын оор кырдаалга кептелген "Медуза" сайтынын журналисти Иван Голуновдун тагдырына кайдыгер карабаганы көпчүлүктүн көңүлүн жылыткан. Белгилей келсек, журналист мыйзамсыз баңгизат сатууга шектүү катары кармалып, кийин күнөөсү тастыкталган эмес.

SputnikPro — бул Россиянын мыкты медиа-менеджерлеринин жана алдыңкы адистеринин презентация жана мастер-класстары. Алар өз тажрыйбаларын журналисттер, маалымат катчылар, жогорку курстун студенттери менен бөлүшөт.

Белгилей кетсек, SputnikPro долбоору 2018-жылы жазында башталып, Белоруссиянын, Грузия, Азербайжан жана Армениянын медиа коомчулугунун жогорку баасын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0