07:04 21 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Маданият

"Түштүктүк кыздар" Таттыбүбү Турсунбаева менен Клара Юсупжанова. Таберик сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (73)
61910
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева менен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Клара Юсупжанованын сүрөтү 1965-жылы Ош облусунда тартылган.
© Фото / Александр Федоров

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева менен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Клара Юсупжанованын сүрөтү 1965-жылы Ош облусунда тартылган.

Ал жылы режиссёр Бекеш Абдылдаев менен Леонид Гуревич жаштар жөнүндө "Түштүк кыз" тасмасын тартып, жаш актрисалар элеттик кыздардын ролун аткарган.

Ошол учурду Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тургун Бердалиев мындайча эскерген жайы бар.

"Таттыбүбү экөөбүз "Түштүк кызга" чогуу тартылдык. Жай мезгили болгондуктан жаштар Оштогу Ак-Буура суусунун эң башына түшчүбүз. Ал кезде азыркыдай купальник, плавки деген жок окшойт. Биз кадимки эле ич кийимчен, кыздар жеңил көйнөкчөн сууга кол кармашып секирип, суу чачышып ойночубуз. Анан сууга кир жууганы келген өзбек аялдар "сууну булгап жатасыңар" деп кубалачу. Таттыбүбү менен аябай жакшы мамиледе болуп бир туугандай болуп калганбыз. Кийин "Уркуяда" да чогуу иштеп калдык", — деп эскерген Бердалиев.

Жаштардын жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү, кылык-жоруктары жана элдин үрп-адаты жөнүндө баяндаган тасма тартылып жаткан маалда Турсунбаева 21, Юсупжанова 25, Бердалиев 18 жашта болгон.

Алардан сырткары, тасмага Сталина Азаматова, Нурмухан Жантурин, Наби Рахимов, Жумаш Сыдыкбекова, Амина Умурзакова да катышкан.

Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер (73)

Тема боюнча

Конок тоскон Усубалиев менен Айтматов. Фрунзедеги фестивалдын таберик сүрөтү
Ар бири өзүнчө университет эле... "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт
Белгилер:
таберик сүрөт, тасма, Таттыбүбү Турсунбаева, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ