04:40 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Китеп. Архив

Ууру жолдор уурдаганга алпарат! Омор Султановдун кеп казынасы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Таалайгүл Усенбаева
204 0 0

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет кыргыз эл акыны Омор Султановдун накыл кептерин сунуштайбыз. Кулагыңарга күмүш сырга болсун!

Акын, жазуучу Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун "Ала-Тоо" журналында баштаган. 1971-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун жетекчисинин экинчи катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. Акындын чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. "Жаңы Ала-Тоо" журналын негиздегендердин бири.

Омор Султановдун накыл кептери:

Күндө өткөрүп көр турмуштун тирлигин
Замандаштар билбей кимдин кимдигин,
Убагында ушаланган өмүрдүн
Өтөт экен баалай албай бир-бирин.

***

Мен билген ошол кызык абышкалар
Түгөнүп же баратат көзү көрбөй.
Турмушту кайдан гана барып көрбө
Көз ирмем токтолбогон айлампалар.
Басышты өткөндөрдүн ордун элде
Башкача каадасы бар абышкалар.

***

Ууруларга уурдап бере баштады
Ууру жолго түшүп алган байкуштар.
Ууру жолдор уурдаганга алпарат
Аны билип көрүп турат чар-тарап.
Миң мертебе калп айттырып кудайга
Жалап-жуктап сөз айттырат чампалап.

***

Президенттер качып кеткен, качалек
Балага окшош итий болуп басалек.
Кетишти го үмүттү үйлөп өчүрүп
Жыйырма жылдай эл эс алып жаталек.

Президенттер боло турган бир короо
Жан талашып акча жыйнап шайлоого.
А дыйкандар үрөн жыйнап жан үрөп
Кам урууда күздүк эгин айдоого.

***

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым жашоодо көп жакшылык бар.

***

Адам өзүнүн балалыгын сагынып жүрүп карыйт тура.

Тема боюнча

Бу тар дүйнөнүн талашы көп!.. Курманжан датканын кеп казынасы
Жүргөн жери ызы-чуу, эч кимге жакпайт жинди суу! Райкан Шүкүрбековдун нускасы
Эл шайлаган жакшылар, элдин малын оп тартпасын алкыңар... Сарногоевдин нускасы
Белгилер:
ыр, кеп казына, Омор Султанов

ЭҢ МААНИЛҮҮ