Насыр Давлесовдун "Жол жоргосу" окуу жайларга таратып берилет

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүКомпозитор Насыр Давлесов
Композитор Насыр Давлесов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул эмгекти жакынкы күндөрдө көбөйтүп, оркестрлерге, университет жана музыкалык окуу жайларга таратып берүү пландалууда.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Насыр Давлесовдун 90 жылдыгына карата "Жол жорго" чыгармасынын оркестрдик партитурасы партиялары менен толук жазылып чыкты. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Постановка оперы по эпосу Манас на китайском языке в кинотеатре Манас в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз жеринде кытайча жаңырган "Манас". Операдан кийинки ойлор
Эмгекти жакынкы күндөрдө көбөйтүп, оркестрлерге, университет жана музыкалык окуу жайларга таратып берүү пландалууда.

Бул туурасында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов КРдин Композиторлор союзунун мүчөлөрү менен жолугуп, аталган тармактын күнгөй-тескейи талкууланып жатканда кеп кылган.

"Жыйын эркин форматта өтүп, музыка ышкыбоздорунун учурдагы көйгөйлөрү, жасалып жаткан иштер жана ийгиликтер талкууланды. Алдыда музыка тармагындагы бардык кызматкерлердин башын бириктирген конференция өткөрүү, учурдагы музыкалык билим берүү тармагындагы өксүктөр, операда жана театрларда коюлуп жаткан опералар жана андагы репертуар маселеси, автордук укук темалары талкууланды", — деп айтылат маалыматта.

Айтмакчы, композиторлор арасында аталган министрлик атуулдук, лирикалык жана балдар темасындагы ырлар арасында конкурс жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0