Эч кимге окшобой эс алгыңыз келеби? Жайда өтчү иш-чаралар тизмеси

Жазылуу
Жайкы эс алууну айрымдар тогуз ай бою күтөт. Бул өргүүдөн алган дем, күч-кубат бир жылга чейин, адамдын жан дүйнөсүнө да гүлазык болуп берери бышык.

Жайдын келиши менен жайлоодогу малчылардан баштап, ири туристтик жайлардын ээлери да чет элдиктерди кучак жайып тосуп алууга даяр. Алар үчүн өлкө аймагында бир катар ири маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын айрымдарын эс алуучуларга тизмектейт.

Кол өнөрчүлөрдүн фестивалы

Ысык-Көлдө быйыл эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө быйыл эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы
Жыл сайын уюштурулуп келген шырдак фестивалы быйыл 28-29-июнда өткөрүлөт. IX эл аралык саамалык Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы облустук академиялык драма театрында болуп, өлкө аймагындагы кол өнөрчүлөрдү чогултат. Байге фонду 300 миң сом болгон сынакта "Мыкты шырдак", "Мурас шырдак" номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталат. Меймандар уздардын эмгегин көрүп, чыгармачыл топтордун ыр-күү, оюндарына күбө болуп, мастер-класстарга катыша алат.

Ысык-Көлдө триатлончулар чогулат

Июнь айынын акыркы эки күнүндө Ысык-Көлдүн күнгөй жээгинде триатлон боюнча эл аралык мелдеш болот. Анда ата мекендик жана коңшу өлкөлөрдүн спортчулары түрдүү аралыкта сууда сүзүп, чуркап, велосипед тээп, Азия кубогу жана чемпиондугу үчүн ат салышат. Ал эми эс алуучулар спорт сүйүүчүлөрү менен бирге 300 метрге сууда сүзүп, эки чакырым чуркап, сегиз чакырымды велосипед менен өтүп жарышат.

Улуттук оюндар менен коштолгон маараке

Суусамыр жайлоосунда 29-30-июнь күндөрү Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет. Маараке ачык асман алдында өтүп, маданият кызматкерлеринин концерти, оюн-зоогу менен коштолот. Андан сырткары, Кожомкул айылындагы ат майданда көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ат көтөрмөй, таш көтөрмөй оюндары боюнча мелдештер каралган.

"Kөl Fest" фестивалы

Ошондой эле Ысык-Көлдүн тескей жээгинде 28-30-июнь күндөрү Кыргызстан, Англия, Франция, Германия, Япония, Израиль, Индия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан чогулган бийчи, ырчы, диджейлердин катышуусунда Kөl Fest фестивалы өтөт. Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы пляжда өтө турган мындай иш-чара Борбор Азияда биринчи жолу уюштурулууда. Анда коноктор кымыз ичип, боз үй тигип, кечкисин көл жээгине жатып алып тасма көрүп, күндүз түрдүү мелдештерге катышса болот. Жергиликтүүлөр учурда меймандарды тосуп алууга кызуу даярдык көрүүдө.

Тоо койнундагы марафон, веложарыш...

Июль айынын башында, 6-июлда, борбор калаанын тургундары Чүйдөгү деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктиктеги "Кашка-Суу" тоо-лыжа базасына бара алышат. Ал жакта жеңил атлетика сүйүүчүлөрүнө жарым марафон, таяк менен басуу, веложарыш жана командалар арасындагы мелдештер уюштурулат. Жарышта Германия, АКШ, Австралия, Россия, Казакстан, Польша, Чехиядан келген спортчулар да ат салышат.

Бийик тоодогу трекинг

Туу көтөрүп автобусту коштогон жоокерлер. Алгачкы туристтерди тосуп алгандагы видео - Sputnik Кыргызстан
Туу көтөрүп автобусту коштогон жоокерлер. Алгачкы туристтерди тосуп алгандагы видео
Чатырда түнөп, ондогон чакырымды жөө баскысы келгендер үчүн көлдүктөр жакшы шарт түзүп берет. Жергиликтүү гиддер атын токуп, тамак-ашын даярдап туристтерди Тянь-Шань тоолоруна саякатка чыгарат. Уюштуруучулардын 15-июндан 21-июнга чейинки "Trekking in the Tian Shan" иш-чарасында каалоочулар сапарын Каракол шаарынан баштап Жети-Өгүздүн Көк-Жайык жайлоосун, Жууку капчыгайын, Арабел ашуусун басып өтүп сырт өрөөнүнө чейин жетет.

Ысык-Көлдү сүзүп өтүү

Сууда сүзүүнү жактыргандар Ысык-Көлдүн түндүк жээгинен түштүк жээгине сүзүп өтөт. Issyk Kul Swim Challenge 2019 аталышындагы мелдеш 18-август күнү болуп, катышуучулар Кара-Талаа айылынан старт алып Тору-Айгыр айылына чейин 14 чакырым аралыкты багындырат. Ага 18 жаштан жогору курактагылар катышса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0