01:44 13 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.7815
  • RUB1.1048
Айтылуу Каркыра жайлоосунда Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди.

Көкөтөйдүн ашындай эле... Каркырада Ысык-Көлдүн тою өттү. Сүрөттөр

© Sputnik
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
45610

Эми алдыда Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленмекчи.

ЫСЫК-КӨЛ, 21-июн. — Sputnik. Айтылуу Каркыра жайлоосунда Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Анын алкагында атактуу манасчылар Саякбай Каралаевдин 125 жана Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү.

  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Айтылуу Каркыра жайлоосунда Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Анын алкагында атактуу манасчылар Саякбай Каралаевдин 125 жана Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Салтанатка облустун беш районунун бардык айыл өкмөттөрү жана Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары катышты.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Иш-чара «эл кишиси» атыккан акелердин образдары чагылдырылган оюн-зоок башталып, жети акенин жети боз үйү тойдун көркүн ачты.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Андан сырткары, 80 жылдыкты белгилөөнүн алкагында "Ынтымак" фестивалы уюштурулуп, ага облустагы башка улуттун өкүлдөрү достукту даңазалашты.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Жайлоонун ар кайсы жеринде улуттук оюндардан ат чабыштын түрлөрү, кыз куумай, эр эңиш уюштурулуп, мунун баары концерттик программа менен коштолду.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Салтанатка кытайлык кыргыздар, казак акындары да чакырылган.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Тойдун өзгөчөлүгү — биринчи жолу торпок тартылганы эле.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Атайын ушул оюн үчүн Каркырага Ош, Талас облусунун балбандары да келди.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Улуттук оюндардын байге фондусунун башына эки Жигули автоунаасы коюлуп, андан сырткары, торпок тартыштын баш байгеси 70 миң сомдук төө жана 200 миң сомду түздү.
    © Sputnik
  • Празднование 80-летия Иссык-Куля в джайлоо Каркыра
    Эки унаанын бирин Түптүн Тогуз-Булак айылынан келген "Банзай" жоргосунун ээси Максат Арбаев алса, экинчисин аламандан Гения күлүгү менен Бишкектен барган Нурдин Абдразаков алды.
    © Sputnik
1 / 11
© Sputnik
Айтылуу Каркыра жайлоосунда Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди.

Салтанатка облустун беш районунун бардык айыл өкмөттөрү жана Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары катышты. Иш-чара "эл кишиси" атыккан акелердин образдары чагылдырылган оюн-зоок башталып, жети акенин жети боз үйү тойдун көркүн ачты.

Андан сырткары, 80 жылдыкты белгилөөнүн алкагында "Ынтымак" фестивалы уюштурулуп, ага облустагы башка улуттун өкүлдөрү достукту даңазалашты. Жайлоонун ар кайсы жеринде улуттук оюндардан ат чабыштын түрлөрү, кыз куумай, эр эңиш уюштурулуп, мунун баары концерттик программа менен коштолду. Салтанатка кытайлык кыргыздар, казак акындары да чакырылган.

Тойдун өзгөчөлүгү — биринчи жолу торпок тартылганы эле. Атайын ушул оюн үчүн Каркырага Ош, Талас облусунун балбандары да келди.

Улуттук оюндардын байге фондусунун башына эки Жигули автоунаасы коюлуп, андан сырткары, торпок тартыштын баш байгеси 70 миң сомдук төө жана 200 миң сомду түздү. Эки унаанын бирин Түптүн Тогуз-Булак айылынан келген "Банзай" жоргосунун ээси Максат Арбаев алса, экинчисин аламандан Гения күлүгү менен Бишкектен барган Нурдин Абдразаков алды.

Уюштуруучулар быйылкы жыл облус үчүн мааракелүү экенин айтышууда. Алдыда Каракол шаарынын 150 жылдыгы белгиленмекчи.

Тема боюнча

Капыстан Нарынга же Чүйгө кудага барып калсаңыз... Тест
Ат көтөрүп, таш көтөрүп таймашып... Суусамырда Кожомкулдун 130 жылдыгы белгиленет
Белгилер:
улуттук оюндар, той, маараке, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ