Миң-Куштан качып, Европадан бакыт тапкан Бегалиев. Композитор тууралуу 7 факты

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваБүгүн Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев. Архив
Бүгүн Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргыз Республикасынын эл артисти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиевдин туулган күнү.

Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси 64 жашка толду. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги чыгаан композитор жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Айылдан качкан өспүрүм. Муратбек Бегалиев 1955-жылы 21-июнда Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы элетте өтүп, музыкага кызыгуусу күч болуп 7-классты аяктаганда борбор калаадан билим алууга аракет жасайт. Буга гезит бетинен музыкалык мектеп-интернатка балдар кабыл алынып жатат деген жарыя себеп эле. Бирок үйдөгүлөр макул болбой коет. Айтканынан кайтпаган бала түйүнчөгүн түйүп чоң энесинен тыйын алып, түн ортосунда автобуска түшүп Фрунзеге качып кеткен. Болочок композитордун чоң атасы Жумгалда комузда кол ойноткон белгилүү инсан болсо, апасы темир комуз чертип ырдачу. Өспүрүм ал кезде бир нече аспапта ойногонду үйрөнүп калган эле.

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваМуратбек Бегалиев 29 жашында СССРдин Композиторлор союзуна мүчө болгон
Миң-Куштан качып, Европадан бакыт тапкан Бегалиев. Композитор тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Муратбек Бегалиев 29 жашында СССРдин Композиторлор союзуна мүчө болгон

Өжөр Муратбек. Мектепти аяктагандан кийин Москвадагы музыкалык институтка барып өтпөй калган. Жаш талант Кыргызстанга кайтып келип Мукаш Абдраевдин шакирти болуп, Искусство институтуна тапшырат. Ошол учурда обон жазып чыгармачылыгы жолго салынып, мугалимдери аны Петр Чайковский атындагы консерваторияга жиберет. Ал жактан билимин тереңдетип СССРдин деңгээлинде таанылып, жазган чыгармалары бир топ шаарларда коюла баштайт.

Кубаны багынтып... Консерваторияны бүтүп келген соң Фрунзеде мугалим болуп иштеп, тасмаларга музыка жазып, камералык, симфониялык, эстрадалык чыгармалары менен жеке концерт берип, 29 жашында СССРдин композиторлор союзуна мүчө болгонго жетишкен. Ошол эле жылы анын симфониялык поэмасы Кубада жаңырган.

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваПрофессор өзү ачкан Кыргыз улуттук консерваторияны 26 жылдан бери жетектейт
Миң-Куштан качып, Европадан бакыт тапкан Бегалиев. Композитор тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Профессор өзү ачкан Кыргыз улуттук консерваторияны 26 жылдан бери жетектейт

Консерваториянын негиздөөчүсү. Союз тарагандан кийин маданият каралбай, ал тармактын кызматкери эмне кыларын билбей калган эле. Бегалиев Европада жаралып жаткан чоң ийгиликтерине карабай мекенине кайтып келип, Улуттук консерваторияны ачат. Ал маданиятка кесипкөй адистерди даярдоо керектигин баамдап, бут тосууларды жеңип студенттерге ЖОЖдун эшигин ачкан. Профессор окуу жайды 26 жылдан бери жетектеп келет.

Айтматов жана Бегалиев. Композитордун чыгармачылыгын жазуучу Чыңгыз Айтматов өзгөчө баалап, "кыргыз музыкасынын генийи" деген жайы бар. Композитор менен калемгердин үй-бүлөсү жакын мамиледе катташып, Бегалиевдин кызынын атын Бахиана деп Айтматов койгон. Белгилүү "Ысык-Көлдү сагынуу" аттуу ырды экөө Люксембургда жараткан.

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваЗалкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен композитор Муратбек Бегалиев үй-бүлөлүк катышта болгон
Миң-Куштан качып, Европадан бакыт тапкан Бегалиев. Композитор тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен композитор Муратбек Бегалиев үй-бүлөлүк катышта болгон

Бактысын кеч тапкан. Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреаты 35 жашында Зенона Слензак аттуу улуту поляк виолончелист кызга үйлөнгөн. Жубайлардын учурда бир кызы бар. Ал да музыкага ыктап пианино, скрипкада ойноп консерваторияда окуйт.

© Фото / из личного архива Муратбека БегалиеваТоктогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси келинчеги Зенона Слензак менен 29 жылдан бери түтүн булатып келет
Миң-Куштан качып, Европадан бакыт тапкан Бегалиев. Композитор тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси келинчеги Зенона Слензак менен 29 жылдан бери түтүн булатып келет

Ыр жазып... Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты бош убактысында ыр жазуу менен алектенет, буга чейин анын үч ыр жыйнагы жарык көргөн. Бирок ал өзүн акынмын деп эсептебейт. Композитордун чыгармаларын Болот Миңжылкыев, Кайыргүл Сартбаева, Дарика Жалгасынова, Керим Турапов өңдүү бир топ ырчылар аткарып, Азия, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө өз угармандарын таба алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0