Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинокербен Таластан башталды

© Фото / Александр ФедоровАктер Сүймөнкул Чокморов. Архив
Актер Сүймөнкул Чокморов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара айтылуу актердун туулган күнү болгон 9-ноябрда соңуна чыгат.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Таласта белгилүү актер Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналган кинокербен башталды. Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Кинематография департаменти уюштуруп жаткан иш-чарада Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" жана Төлөмүш Океевдин "Улан" тасмалары көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, Чокморов эки тасмада тең башкы каармандын ролун жараткан.

"Чокморов тартылган тасмалар өлкөнүн бардык региондорунда тартууланат. Кинокербен айтылуу актердун туулган күнү болгон 9-ноябрда соңуна чыгат", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы Чүйдүн Аламүдүнүндөгү Чоң-Таш айылында туулган. Жараткан ролдору, актерлук чеберчилиги менен эстелик тургузуп кеткен залкар талант 1992-жылы 26-сентябрда узакка созулган оорудан каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0