Ар бири өзүнчө университет эле... "Бакайдын жайытындагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев, актер Советбек Жумадылов менен монтажер Ракия Шершенованын сүрөтү 1966-жылы Суусамыр жайлоосунда тартылган.

Ал жылы "Бакайдын жайыты" тасмасы тартылып, ага кыргыз киносунун бир топ көрүнүктүү өкүлдөрү катышкан.

Ошол учурду Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ракия Шершенова мындайча эскерет:

"Мен Төлөмүш Океевдин көптөгөн тасмаларын монтаждадым. "Бакайдын жайыты" тартылган маалда 25 жашта болчумун. Ага чейин дубляжда иштеп тааныш болгондуктан режиссер өзү чакырган. Тасмада жайлоодогу жылкычылардын чыныгы жашоосун көргөзүп, аны чала-була кылбай элди ишендирүү керек болгон. Андай мыкты эмгекти жаратуу үчүн негизинен чыгармачыл топ бири-бирине толук ишениши зарыл. Океев мага ишенип, мен башка тасмалар менен Ташкентке чейин кетсем да күтчү. Ошондой эле башкы ролдордогу Муратбек Рыскулов, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадыловдор менен чогуу көп тасмаларды жараттык. Ал асыл адамдар эле, эч качан кечигип келишчү эмес, бирөөнө кыйкырып сүйлөгөнүн көргөн жокмун. Алардын ар бири чоң университет болчу, азыр андай инсандар жок го", — деди ал.

Кийин "Бакайдын жайыты" калың элге сунушталганда Италиянын Триест, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарларында, Ленинград жана Душанбедеги эл аралык фестивалдарда бир катар сыйлыктарга ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0