Димаш Кудайбергендин биринчи альбому жарым мүнөттө платина деңгээлине чыкты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКазакстандык ырчы Димаш Кудайберген. Архив
Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Платина деңгээли — ыр 1 миллиондон 5 миллионго чейин жүктөлүп же сатылса берилет.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Димаш Кудайбергендин ырларынын тунгуч альбому 37 секунд ичинде платина деңгээлине чыгып кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Альбомдун мындай ийгилиги тууралуу ырчы өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу жарыялады.

"Бир саат мурда менин тунгуч альбомум жарык көрдү. 37 секундда платина деңгээлине чыкты. Ал эми бир саат аралыгында үч ирет платина болду. Абдан кубанычтамын", — деди Кудайберген.

Ал фанаттарына колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Димаш ҚҰДАЙБЕРГЕН (@kudaibergenov.dimash)

"Мени ар тараптан колдогон угуучуларыма ыраазычылык билдирем. Ийгилигим сиздердин артыңыздар менен болууда", — деп кошумчалады артист.

Дүйнөдөгү популярдуу музыкалар америкалык үн жаздыруучу RIAA компаниясы тарабынан аныкталат. Платина деңгээли — ыр 1 миллиондон 5 миллионго чейин жүктөлүп же сатылса берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0