Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсунбаев: "Салиманын ыры" тасмасынын сценарийи Таттыбүбү үчүн жазылган

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы, КР эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаев карындашы 15 жашында алгачкы тасмасына тартылып, башкы ролду жаратканын айтты.
Турсунбаев: "Салиманын ыры" тасмасынын сценарийи Таттыбүбү үчүн жазылган

"Салиманын ыры" көркөм фильминин сценарийи атайын Таттыбүбү Турсунбаева үчүн жазылган. Бул тууралуу Нуркан Турсунбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Таттыбүбү Турсунбаева кытайлык кыргыздардын "Гүлкайыр" деген ырын жогорку чеберчиликте аткарып, республикалык сынактын баш байгесин багындыруу менен калыстар тобун жана көрүүчүлөрдү таң калтырган.

"Кыргыз ССРинин эл артисти Ашыралы Боталиев жаш таланттарды издеп жүрүп Жумгалдан Таттыбүбү экөөбүздү тандап алды. Кийин биз Нарынга келдик. Ал жактан да атайын кароо-сынакка катышып, мыкты делген 100 жаш таланттын катарына кошулдук. Ошентип Тянь-Шань, азыркы Нарын облусунун атынан республикалык сынакка жөнөдүк. Таттыбүбү кытайлык кыргыздардын "Гүлкайыр" деген ырын жогорку чеберчиликте аткарып, калыстар менен көрүүчүлөрдү абдан таң калтырган. Ал учурда Татыкем 15 жашта гана болчу. Таттыбүбүнүн талантын байкаган маданият чөйрөсүнүн өкүлдөрү аны дароо тасмага тартууну туура көрүп, ал үчүн "Салиманын ыры" аттуу көркөм фильмине сценарий жазышкан. Анда Таттыбүбү башкы каармандын ролун жаратып, өзүн актриса катары да көрсөттү. Кийин биз Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театр искусствосу институтуна окууга тапшырдык. Окуп жүрүп да Таттыбүбү бир катар тасмаларда роль жаратты. Аны менен катар ырчылык өнөрүн да өркүндөтүп, ар кандай концерттерге катышып жүрдү. Ошол кезде Өзбек ССРинин бийлик төбөлдөрү чет мамлекеттен сыйлуу коноктор келгенде атайын Таттыбүбүнү чакыртышып, Алябьевдин "Булбул" аттуу ырын ырдатышчу эле", — деди Турсунбаев.

Ошондой эле ал Таттыбүбү Турсунбаева Кыргыз драма театрында 15 жыл эмгектенип, 30дан ашуун пьесада жана 15тен ашуун көркөм тасмада башкы ролдорду жаратып кеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0