Таласта өтчү Көчмөндөрдүн улуттук оюндарына даярдык талкууланды

Жазылуу
Оюндардын алкагында Талас шаарынын ипподромунда спорттук мелдештер жана "Манас-Ордо" улуттук комплексинде маданий иш-чаралар өткөрүлүп, этнобазар уюштурулмакчы.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Көчмөндөрдүн улуттук оюндары менен бүт дүйнөгө кайрадан маданий байлыгыбызды, өзгөчөлүгүбүздү жана жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүүгө тийишпиз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев оюндарды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, чогулуш бүгүн өткөн.

Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн улуттук оюндары президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлмөкчү. Биринчи оюндар быйыл Талас облусунда болот.

"Оюндардын алкагында өтүүчү спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар этномаданиятты, этноспортту өнүктүрүүгө жана сактоого багытталган. Биз кайрадан бүт дүйнөгө маданий байлыгыбызды жана өзгөчөлүгүбүздү, жаратылышыбыздын кооздугун көрсөтүүгө тийишпиз. Быйыл Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда өткөрүү чечими кабыл алынган", — деди Абылгазиев.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов Көчмөндөрдүн улуттук оюндарын өткөрүүнүн жалпы концепциясын жана иш-чараны уюштуруу ишинин негизги багыттарын тааныштырды.

Дух захватывает! Кыргызстанцы сняли ролик об этнофестивале в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз экениңе суктанып! Сауд Аравиядагы фестивалдын ролиги тартылды
Белгиленгендей, оюндардын алкагында Талас шаарынын ипподромунда спорттук мелдештер жана "Манас-Ордо" улуттук комплексинде маданий иш-чаралар өткөрүлүп, этнобазар уюштурулмакчы.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук оюндарды өткөрүүнүн негизги жайларын реконструкциялоо маселелери жана Талас шаарындагы башка инфратүзүмдүк объектилердин абалы талкууланды. Мындан тышкары, иш-чараны каржылоо маселеси каралды.

Өкмөт башчы оюндарды өткөрүүгө сапаттуу даярдыктарды камсыздоо, курулуш иштери үчүн каржылоону өз убагында бөлүштүрүү маселесин иштеп чыгууну, бардык оңдоо иштерин сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0