Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт! Исхак Раззаковдун учкул сөздөрү

© Фото / Центральный Государственный архив Кинофотофонодокументов КРАрхивное фото известного государственного деятеля Исхака Раззакова
Архивное фото известного государственного деятеля Исхака Раззакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун кеп казынасын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда азыркы Баткен облусунун Лейлек районунда шахтёрдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 8 жашында томолой жетим калып, Хожент шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкенттеги мектеп-интернатта билим алып, 1925-1929-жылдары Ташкенттеги өзбек агартуу институтунда окуган. Ал эми 1931-1936-жылдары Москвада билимин уланткан.

Кыргыз тил илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири, акын, драматург, агартуучу Касым Тыныстановдун жана кыргыз совет тилчиси Кусеин Карасаевдин айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Махабат — кырдан качкан кызыл түлкү... Касым Тыныстановдун кеп казынасы
1936-1941-жылдары Өзбекстанда жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1945-жылы Кыргызстанга Кыргыз ССР элдик комиссарлыгын жетектөө үчүн жиберилген.

1950-1961-жылдары Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп эмгектенген.

Ал мекенинде 16 жыл бою жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп, өлкөнүн экономикасына жана маданиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Исхак Раззаковдун учкул сөздөрү:

© Sputnik / Эмиль СадыровКоомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков
Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт! Исхак Раззаковдун учкул сөздөрү - Sputnik Кыргызстан
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков

Бирөөнүн күчтүүлүгүнөн эмес, өзүңдүн чабалдыгыңдан корк.

***

Коом деген сени менен мен. Сен ак болсоң, мен ак болсом коом да таза болот!

***

Бүгүн бүткөрүүгө мүмкүн болбой турган ишти, эртең бүткөрүш үчүн аны дал бүгүн пландаштырып, бүгүн ойлонуу зарыл.

***

Ак иштеген адам акыры жамандык көрбөйт.

***

Бай жашоого болот, бирок өрнөктүү жашоо кыйын.

***

Калыс кызматкер болом десең кек сактаба, калыс бол.

***

Уйку таттуу, эмгек андан да ширин.

***

Мен эмне иштеп, эмне бүтүрдүм? Ким үчүн эмгек кылдым? Эл калыс...

***

Касташуудан кач, бирок адилдиктен тайба.

***

Өмүр өтөт, өлүм болсо татаал. Туулдуң-өлдүң. Өлбөй калуунун жолу барбы? Ал — эмгек. Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат.

***

Ишти акыл менен иште. Эгерим сезимге жеңдирбе. Алданып каласың. Сезимди акылдын эркине баш ийдире алсаң, анда пайдаң арбын болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0