Ош менен Жалал-Абадда өзбек киносунун күндөрү өтөт

© Фото / Михаил ДудинДостопримечательности города Ош
Достопримечательности города Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти уюштурууда.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Ош менен Жалал-Абад шаарларында өзбек киносунун күндөрү өтө турганын Кинематографияны колдоо фондусунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрт тасма көрсөтүү пландалган.

Дарак ыры кинотасмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мусулман киносунун эл аралык фестивалында "Дарак ыры" баш байге алды
6-июнда Ош шаарынын "Семетей" кинотеатрында иш-чаранын расмий ачылышы өтүп, Рашид Маликовдун "Сабот", Умид Хамдамовдун "Ысык нан" фильмдери тартууланат.

7-июнда Жалал-Абад шаарынын "Барпы" кинотеатрында жогоруда аталган эки тасма, андан кийин "Мир" кинотеатрында Сарвар Каримовдун Өзбекстан менен Кыргызстан биргелешип тарткан "Делбирим" фильми көрсөтүлөт.

8-июнда Ош шаарынын "Семетей" кинотеатрында "Гиждувоний" даректүү тасмасы менен "Делбирим" кайталанат.

Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти уюштурууда. Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0