Усубалиевдин 70 жылдыгына барган Айтматов. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов, коомдук ишмер Шаршенаалы Усубалиев жана анын жубайы менен апасынын сүрөтү 1993-жылы Чүй облусундагы айылдардын биринде тартылган.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Усубалиевдин 70 жылдык юбилейине чогулган.

Айтматовду устат тутуп, шакирти катары узак убакыт чогуу жүргөн академик Абдылдажан Акматалиев сүрөт тууралуу төмөнкүчө баяндап берди:

"Союз учурунда Шаршенаалы Усубалиев "Кыргызфильм" киностудиясынын директору болуп көп жыл иштеп калды. Кийин да ал тармакта эмгектенген. Айтматов болсо Кинематографисттер союзунун төрагасы болчу, экөө аябай жакын мамиледе эле. Бири-бириникине мейманга барып, үй-бүлөлөрү менен жакшы катташып турган", — деди Акматалиев.

Ал жылы Айтматов 65, Усубалиев 70 жашта болчу.

Залкар жазуучу Айтматовдун эл көрө элек сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүздөр.

Жаңылыктар түрмөгү
0