03:38 12 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Көчмөндөр оюндарынын катышуучулары. Архив

Батасын алган аялдар төрөгөн. "Манас" эпосундагы Кошой тууралуу 12 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (324)
381 0 0

Кошой — "Манас" эпосундагы эл абдан күтүү менен кабыл алган каармандардын бири. Анын аты азыркы күнгө чейин кыргыз жерин тайманбас коргоочу, баатырды тарбиялаган акылман насаатчы, далысы жерге тийбеген балбан катары калк ичинде даңазаланып келет.

Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 12 фактыны сунуш кылабыз.

Кошойдун теги жана жери. Тышкы душмандардын тынымсыз чабуулдарына туруштук бере албай, кыргыз журту бири Тереңге, бири Эренге, бири Алтайга, бири Каңгайга, дагы бири Букар менен Самарканга кетип, топондой тозуп чачылганда Ала-Тоо жеринде бир гана Кошой калат. Ал Ат-Башынын Чеч-Дөбө деген ордосун мекендеп, эбегейсиз күчү, ченемсиз балбандыгы, айла-амалы менен душмандарга жерин алдырбайт, элин жер каратпайт. Эч жакка көчпөйт жана ушунусу менен ал качандыр бир тозгон кыргыздан баатырлар чыгып, эл ар жактан убап-чубап келе баштаганда аларды өксүтпөй, алдынан тосуп чыгамын деген ишеним менен жашайт. Жусуп Мамайдын вариантында Эне-Сайда Манаска чейин эле анын чоң аталары Орозду бейпил жашап турат да, ал кезик ооруга чалдыгып каза болгондо Алооке басып алып, Ороздунун он уулу он жакка тарайт. Адыбай, Көлбай, Ташбай Букарга көчөт, Касиет менен Калкы отуз миң үйлүү эли менен калмактарга кошулуп кетет. Жамгырчы менен Шыгай Самаркандга айдалат, Кызылтай тажикке кошулуп, Муз-Тоого барып кыргыз кыпчак, сарт кыпчак болуп калат, Текечиден тукум уланбайт. Жакыпты болсо Алооке Балакарт деген жердеги Ногой деген калмак байына берет, ошондон улам "ногойдун эли" аталат, Балтаны Алтайдын Чамбыл-Бел деген жерине көчүрөт. Катаган менен Каткалаң, алардан Кошой болуп Ат-Башыда жашайт ("Ат-Башынын сазында, Чеч-Дөбөнүн кашында"), аларга калмактын бийлиги жетпейт, баш ийдире албайт. Андыктан да аларды "калды кыргыз" деп, кийин "кара кыргыз" деп атап коюшат, буларга Каткалаңдан Карача хан болот, андан бир кыз төрөлүп атын Сайкал коёт. Ороздунун Катаган деген уулунан төрөлгөнү үчүн Катагандын кан Кошой деп айтылат жана алардан катаган уруусу көбөйүп, туш тарапка тараган.

Сагынбай манасчы Кошойду "Кундуз, Талкан жерлерин жайлаган, Кабил (Кабул) ары жердеген Аталык уулу Эр Кошой" деп аны азыркы ооган жеринен болот деп көрсөткөн жери да бар.

Кошойдун эң чоң эрдиги. Муну Саякбай Каралаев мындай белгилейт: "Жети өзөндөй кайран жер, эби менен жер кылып, жети өзөндө кыргызды, эптеп жүрүп эл кылып, кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган". Ал душмандарга багынып берип, салык төлөп гана тынч жашабайт, алар менен тынымсыз согушуп турат. Бир топ баатырларын, аярларын, хандарын, аскерлерин талкалап, кыргыздардын чегин күн чыгышынан да, күн батышынан да улам кеңейтип отурат. Ага чейин эле Акдөө, Көкдөө деген не бир алптар менен кармашып, жеңип келген болот.

Манасчылардын Кошойго берген баасы. "Катагандын кан Кошой", "Калк атасы", "эл атасы", "олуя", "даанышман", "элдин уюткусу", "акылман", "батасы журтту байыткан" ж.б. Манас болсо "Абам Кошой карыя", "Бекип жаткан бейиштин, эшигин ачкан эр Кошой" деп өтө урмат менен карайт. Аны аяр, колдоочусу ар дайым жанында жүргөн, батасы кабыл болгон, көзү ачык, олуя катары көрсөтүшөт. "Алайган көзү чолпондой, ай кулагы калкандай, бурулуп чыккан муруту, өтөкө чыккан чалкандай, эки ийине дардайып, төрт-төрттөн балбан конгондой, ай-ааламды соргондой, эки далы ортосу кой жайылган талаадай, эки көздүн кычыгы, ачып алган ороодой, эки мурун таноосу, капчыгай тоонун бородой". Бул сыпаттоолорду Уркаш Мамбеталиевдин Кошой тууралуу айтканынан кездештирсек болот.

Ат-Башыны аалам менен байланыштырган. Анын Чеч-Дөбө кандыгындагы жашоосун Жусуп Мамай мындай сүрөттөйт: "Карын-карын май алган, Кашкарга киши жиберип, капталдап кара чай алган... чайга салган балы бар, Миң-Бугудан алдырган, күрүч деген даны бар". Демек, ал ошол мезгилде эле кыргыздын эт-сүт азыктарына кошо алыскы чөлкөмдөрдөн витаминдүү жана күчтүү азыктарды алдырып турган.

Манас менен Кошойдун кездешүүсү. Манас жаш чагында Акбалта анын бара турган жерлерин, келечекте ала турган аймактарын так, даана көрсөтүп берет. Ошондо Кошой дөө турган жерди мындай айтат: "Ат-Башы деген жер эле, Чеч-Дөбө мазар дээр эле". "Сен Жакыптан туулсаң, ал Катагандан туулган" деп бир туугандардын балдары экендигин айтып, Ат-Башыдагы Кошой дөө жөнүн билдирип, сен ага барышың керек, жолуга кетишиң керек, "чоңойгондо көрүшсөң, чоң таарыныч айтпайбы" дейт. Манас тогуз жашка чыгып дайыны алыс-жакынга угулуп, алгач кол курап жатканда эле ага Кошой тандалма сексен жигити менен келип кошулат. Манас эл-жерине чалгын чалып, Алтайдан Ала-Тоого келүү үчүн Самаркан тарапка кетип жатканда Мажик деген досу экөөнү Кошой абасы тосуп алат. Балдарга Чалдыбар деп салган чоң коргонун көрсөтөт, бала экен деп теңине албай койбой күндүк күлүк чаптырып, чакмак, кумалак, ордо, топ таш ж.б. улуттук оюндарды ойнотуп, улуттук сезимдерин козгоп, намыстантып, ага арнап түлөө өткөрүп, түлөөдө токсонду союп, балдарды конок кылып тогуз түнү сыйлайт. Алтайдан Ала-Тоо журтуңа көчүп кел дейт: "Көчүп келип сен Манас, Мекен кылгын Таласты", — деген кеңешин берет. Манас ал кишинин айткан акылындай жол менен жүрөт. Экөөнүн ата-бала мамилеси, достугу өмүрлөрү өткөнчө уланат, Кошой айрымдардай Манасты бир да жолу таштап кетпейт.

Манастын тарбиячысы. Ал Манас үчүн "билбегенди билгизип", "туйбаганды туйгузуп", "туура жолго киргизип", "өчкөн отун тамызып", "өлгөн жанын тиргизип", "үзүлгөнүн улаптыр", "чачылганын жыйнаптыр" (Саякбай Каралаевдин варианты боюнча). Манас ачуусу келгенде кара жини кармап, эч кимди укпай калат. Бир жолу Үрбүнү чоң камчы менен тартып жибергенде баары не кыларын билбей нес болот, бир гана Кошой абасы "Жакшыны жакшы билбейсиң, жаманды көзүңө илбейсиң", "Колуң коонуп каларсың", "Кокус чеки иш кылсам, Кошойду башка саларсың" деп, "Манас, Манас дегенде, барбая калат экенсиң, чала үйлөгөн чаначтай, дардая калат экенсиң", — деп урушуп берет.

Манас да, Семетей да Кошойдун батасынан бүткөн. Тоголок Молдонун вариантында Кошой "батасы журтту байыткан" адам болуп, ал бата берип, Чыйырдынын боюна бүткөндүгү айтылат. Уруш талаасында, жөн-жай учурларда да Манастын колдоочусу, пири ушул киши экендиги жогорудагы вариантта бир топ жерде эскертилет. Көпчүлүк варианттарда Манас менен Каныкей бир топ жыл бала көрбөй жүрөт. Ошондо Каныкей "Бабам Кошой кийсе деп, бала үчүн жүрөм ынтызар, батасы мага тийсе деп" максат коюп, он эки жыл узданып, Кошой баатырга кандагай шым тигип берет да, ага ыраазы болгон карыя батасын берет. Батага кошо баланын аты Семетей болсун деп биротоло атын да коюп, "Бу Семетей эр болсун, кара кулак шер болсун, эңкейиштен эр сайсын, эченден катар бир сайсын, телегейи тең болсун, теңиз Манас тукуму, атасындай шер болсун, белеске күйгөн от болсун, бет алган душман жок болсун", — деп кол жайып батасын берет.

Алп. Кыргызда айтылган алптардын ичинен Кошойго тең келе турганы жок. Кошой баатырдын бели ооруганда чым болуптур дешкен, ал азыркы куяң, радикулит шекилдүү, чымды айыктырыш үчүн беш кишиге акырын-акырын тепсетет. Чоң Казаттагы күрөш алдынан токсонго киргенине карабай белин он алты жигитке тебелет. Анан тебелетип жатып, "Окторулуп эр Кошой, ордунан тура калганы, жонундагы жүргөндөр, томолонуп калганы, чоң кишээ чыккан балдардай, кыйрап жерде калганы" деп сүрөттөлөт Сагымбай Орозбаковдун вариантында. "Токсон койдун териси, томугунан тон болгон" делет. Андыктан ага Манас баатырдын шымы да чак келбейт. Кошой алп тиккен чатырдын кырк чоро бир бурчунда эле калат.

Балбан. Көкөтөйдүн ашында Жолой балбанга кыргыз тараптан эч ким чыга албай калат, себеби ал киши жологус адам, "чоңдугу тоонун теңиндей", "эки бетин караса, эки даңгыт тойгондой", "көзү казган ородой", "колу кырк жылдык чынардай", "кашы комдонуп жаткан кара иттей", "кулак калканы кол чатырдай", "төш жайыгы тоонун керисиндей", "аркасы ат жарышчу талаадай", "бир күндө жеген ашы тогуз бука, тогуз кочкор, тогуз айгыр эти", ичкени "токсон саба кымыз". Мына ушул кара күчтүн ээсине намыс үчүн, ариет үчүн Кошой чыгат, ал "Карысам да карпаңдап, карт буурадай тартаңдап мен түшпөсөм капырга, канкор да болсоң эр элең, кайраты ашык неме элең, сен түшпөсөң капырга, кандай адам катылат", — деп Манаска да барганда, ал да тайсалдайт. Акыры Кошой бир нече күн күрөшүп, акыры жеңип чыгат. Жусуп Мамайдын вариантында анын уулу Жалгызек да Бакайдын уулу Байтайлак менен көптөгөн эрдиктерди көрсөтөт.

Кошой башка элдердин фольклордук чыгармаларында да кездешет. Алсак, казактардын "Эр Косай", "Көкчөнүн уулу Эр Косай" аттуу дастандары бир топ варианттарда жазылып алынган. Мындай каарман каракалпак дастандарында да бар. Азыркы Кытайдын Хотон, Жаркен аймактарында жашаган катаган уруусундагы калктар да Кошой деген баатыры болгондугун айтып келет.

Кошойго байланыштуу жер-суу аттары. Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кошойдун Кара-Тоосу деген чоң тоо бар. Анын бир жери Кошойдун чокусу деп аталат. Ошол эле аймакта Кара-Коюн суусунун сол жээгинде Кошой-Коргон деген жер бар, анда узун коргон жана чеп урандысы азыркы күнгө чейин сакталып турат. Таласта Үч-Кошой деген суу жана Кошой-Тоо деген тоо бар экени маалым.

Кошой тууралуу чыгармалар. Шайлообек Дүйшеев "Эки дөөнүн кармашы" деген ыр түрүндөгү китеп жазып, ал китеп Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Калкан Керималиев "Кан Кошой" деген көлөмдүү чыгармасын жараткан.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (324)

Тема боюнча

"Ит тууду" деп аман алып калышкан. Манастын апасы Чыйырды тууралуу 9 факты
Манастын 40 чоросу жөнүндө фактылар. Алар кимдер, максаты, орду жана озуйпасы
Белгилер:
Манас эпосу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ