Тешилбеген кулакка сөйкө тагып... "Көчөдөгү" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

"Көчө" тасмасына катышкан чыгаан кино жана театр чеберлеринин сүрөтү 1972-жылы Ош облусунда тартылган.

Анда солдон оңду көздөй Алиман Жангорозова, Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Исмаилбек Абдубачаев, жаш актрисалар Мамлакат Кылычева, Айнура Жумабаева, Светлана Евдокимова жана Насыр Кытаев отурат.

Ал жылы драматург Мурза Гапаров жазган сценарийдин негизинде режиссер Геннадий Базаров аталган тасманын үстүнөн иштей баштаган.

Ошол учурду фильмде дүкөнчү Маликенин ролун аткарган Мамлакат Кылычева мындайча эскерет:

"Көчө" тасмасына тартылганда 17 жашта болчумун. Ага чейин эки фильмде роль аткаргам. Ошентип кийин режиссер Геннадий Базаров буга чейин чогуу иштешип калгандыктан "Көчөгө", Маликенин ролуна чакырып, сынактан өтүп кеткем. Ал фильмде жалаң залкар таланттар ойногон. Көп эле кызыктуу күндөр өттү. Эркектер тартуу иштери бүтөрү менен кечинде отуруп алып, кыйкырып тамашалашып карта ойночу. Тасмада Маликеге сөйкө салган жери бар эмеспи, ошол эпизодду тартаарда кызык окуя болгон. Менин кулагым ага чейин тешиле элек болчу. Актриса Рысмендиева кулагымды өтпөгөн, калың ийне менен көзөгөндө ыйлап жибере жаздагам. Анысы аз келгенсип, жаңы көзөлгөн кулагыма алтын же күмүш эмес, арзан эле бир сөйкө салып коюшкан. Ал эми Алиман Жангорозова мени Мамлакат дебей, "ай, Өкмөт" деп чакырчу (күлүп). Тасмага тартылуу учурундагы эң кызыктуу, унутулгус окуя — бул жолдошум, тасманын экинчи оператору Мурат Жыргалбаев экөөбүздүн сүйүү баяныбыз болгон. Экөөбүз "Көчөдөн" таанышып, табышканбыз", — деди Кылычева.

Токтогул ГЭСинин курулуш иштери башталар алдында көчүрүлгөн айыл тургундарынын турмушун, кылык-жоругун чагылдырган эмгекте Бакен Кыдыкева, Советбек Жумадылов, Нуртай Борбиев, Чоро Думанаев да роль жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0