Иманалиевдин англис тилиндеги "Каганат" китебинин бет ачары Кембриджде өттү

Жазылуу
Иш-чарага Индия, Пакистан, Кытай, Япония, Казакстан, Кыргызстан, Улуу Британия жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келип Кембриджде окуган студенттер катышкан.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты жана саясатчы Каныбек Иманалиевдин "Каганат" китеби Улуу Британияда англис тилинде жарык көрдү. Бул туурасында автор Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал эми 17-майда Кембридж университетинде аталган китептин бет ачары болуп, ага Кыргызстандан ЖК депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз жана КРдин Англиядагы элчиси Гүлнара Искакова катышкан.

Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайдан сатып алсам экен? Бишкектеги китеп дүкөндөрдүн дайын-дареги
Иш-чарада Евразиялык чыгармачыл гильдиянын төрагасы Марат Ахмеджанов, элчи Искакова жана Кембридж университетинин Орто Азия форумунун жетекчиси, доктор Сидхарт Саксена китеп тууралуу ойлорун айтышты. Андан сырткары, кыскача пикир алышуулар болду.

Салтанатка Индия, Пакистан, Кытай, Япония, Казакстан, Кыргызстан, Улуу Британия жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келип, Кембридж университетинде окуп жаткан студенттер, аспиранттар жана окумуштуулар катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0