Улуттук китепкана 85 жылдык мааракесин белгилейт

Жазылуу
Үч күн ичинде юбилейге карата салтанаттуу кече, "Санариптешкен доордогу китептин орду" конференциясы, республиканын китепканачыларынын ХI форуму сыяктуу иш-чаралар өтөт.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Быйыл Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын 85 жылдык мааракеси. Юбилейдин алкагында 16-18-май күндөрү Бишкекте бир катар иш-чаралар болорун мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Марафончу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия кубогу менен Борбор Азия чемпионаты өтөт
Үч күн ичинде юбилейге карата салтанаттуу кече, "Санариптешкен доордогу китептин орду" конференциясы, республиканын китепканачыларынын ХI форуму сыяктуу иш-чаралар өтөт.

Мындан ташкары, ТҮРКСОЙ уюму жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен азербайжан элинин улуу акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Улуттук китепкана — мамлекеттик башкы китепкана. 1934-жылы Кыргыз АССР чечими менен ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп кайра түзүлгөн. Учурда анда түрдүү тармактар боюнча 16 окуу залында 1000ден ашык окурманга орун бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0