08:05 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Манас эстелик комплекси. Архивдик сүрөт

Дарыгер, баатыр, саякатчы. "Манастагы" кан Бакай тууралуу 15 факты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (293)
37910

"Манас" эпосундагы каармандардын бири Бакай азыркы күнгө чейин акылмандыктын өрнөгү, даанышмандыктын үлгүсү катары атадан-балага, муундан-муунга, доордон-доорго мурасталып айтылып келет.

Биз бүгүн ошол каарман тууралуу 15 фактыны сунуш кылабыз.

Бакайдын түпкү теги. Бир катар варианттарда Байдын уулу хан Бакай деп айтылат. Ага "кан" деген титул кошула бергени менен көбүнчө "даанышман", "кеңешчи" деген ылайык келет. Бакайдын атасы Бай менен Манастын атасы Жакып бир тууган. Башка варианттарда Манастын чоң атасы Орозду менен Бакайдын атасы Бай экөө бир тууган, бир ата, бир энеден. Аларды душмандар кууп чачыратканда Жакып Алтайга, Бай болсо Кашкарга кетет. Саякбай Каралаевдин айтуусунда анын атасы Байды уулу Бакай бала бирге толо элегинде кытайлар колго түшүрүп кетип, наристени Олуят деген абышка жердин түбү Желпинишке алып барып багат да, ал жактан эр жигит болгон кезде гана келет.

Манас менен Бакайдын кездешүүсү. Дээрлик көпчүлүк варианттарда кыргыздар туш-тушка чачыраганда Байдын уулу Бакай менен Жакыптын уулу Манас бири-биринен алыста калат. Анан Бакай улуулук кылып, эл-жерин душмандан бошотуп жаткан Манастын дайынын угуп, атайын издеп Алтай жерине барып табышат жана ошондон кийин ага кошулуп, жамандык-жакшылыкта, уруш-талашта чогуу болот. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Алтайдан чыккан Манастын колу душмандан Дагалак шаарын бошотуу үчүн бара жатканда буларга жардамга Ала-Тоодон Ат-Башынын Чеч-Дөбөсүн мекендеп калган Кошойдун колу келет. Ошолордун ичинде Бакай да болот. Бардык эле манасчылар Манас менен Бакайдын табышуусун өтө жогорку пафос менен айтып, кыргыз элинин жеңишинин триумфунун башталашы катары көрсөтүшөт. Бул кошулуу акыл менен күчтүн, баатырдык менен даанышмандыктын ашталышы эле. Жогорудагы вариантта экөө адеп жолугушуп отурганда Кызыр менен Бак (таалай-бактын пири) аксакал түрүндө кубулуп келип, буларды Кызыр колдоп, Бак даарыйт. Алар Манаска Бакай тууралуу "өбөгүң болот өзүңдүн, айнеги болот көзүңдүн" деген аманат сөзүн айтып кетет.

Бакай — үчилтиктин бардык бөлүмдөрүнүн башкы каарманы. "Манас" бөлүмүндө ал жоокер, даанышман, акылгөй, мамлекет түзүүнүн башында турган насаатчы болсо, "Семетей" бөлүмүндө Абыке, Көбөштөн кордук көргөн Чыйырды менен Каныкейге ат көлүгүн, азыгын камдап берип баланы алып Букарга качыруу үчүн кам көрөт. Өзү болсо айкөлдөн калган малды талата койбой, төөчү болсо да эптеп күнүн өткөрөт. Кийин Семетей 12 жашка толуп келгенде аны тосуп алып, жардамчы болуп, душмандары тууралуу маалымат берип, аларды жок кылуунун жолдорун айтат. "Сейтек" бөлүмүндө токсон ашып карып калса да, балдарга жана жесир калган Каныкей менен Айчүрөккө баш-көз болуп, акыл-насаат айткан акылман карыя, Сейтектин баатыр болушун күткөн бул үй-бүлөгө берилген каарман катары көрүнөт.

Куда башылыкка барат. Манас баатырдын жарлары жайлуу болбой калганына астыртан ичи чыкпай жүргөн Бакай анын Каныкейди алышын жан дили менен колдойт. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча Жакып малын аяп, калың бербей турганда Бакай куда башы болуп, Букардын каны Темирканды ийге келтирип, анын кызын баатырга алып берет. Манасты "Теңдик менен албасак, зордукка көнөр жан эмес, олжо болуп бизге эле, оңой менен Каныкей, колго тийчү ал эмес" деп ийге келтирет. Анан да "Каныкей алсаң оңосуң, калкка бааша болосуң, Каныкей келсе Таласка, Кадыр түн келет жолуңа,...Качканың келет колуңа" (Каралаев) деп олуялык кылат.

Бакайды гана мүнөздөгөн туруктуу саптар. Манасчылар бул каарманга карата мындай туруктуу сөз айкаштарын кайра-кайра кайталап турат: "Кайран Бакай карыя – акылы элге дарыя", "Атка минсе – ак жолтой, атышкан жоодо – сан колдой, жортуп чыкса – ак жолтой, жоого тийсе – сан колдой", "Калк агасы кан Бакай", "Капилеттен сөз тапкан, караңгы түндө көз тапкан", "Туйгун Бакай олуя", "Акылы терең кеменгер", "Айла тапкыч акылман", "Бакай баатыр көк жалдын, акылы кенен дарыя", "Акылы менен жайкаган, алты айлык болор азапты, көз ачымда байкаган", "Адамзаттын туйгуну, Олуяттын кулуну", "Аркадан жүрсө сан колдой, астында жүрсө ак жолтой" ж.б.

Төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып чыккан. Саякбай Каралаевдин вариантында Бакай жаш чагында Мисир, Багдад шаарларында болуп, Чоң Бээжинге жети жолу барып келет. "Медияңдын беш бурчун, беш айланта чалгамын, кургагы жок көл көрдүм, бир тамчы суу табылбас, кырк күнчүлүк чөл көрдүм. Ай-ааламдын баарысын, он эки жылы кыдырдым, мен көрбөгөн элим жок, мен тийбеген жерим жок",— деп айтат өз баянында. Мына ушул дүйнө кыдыруусу, эл-жер көрүүсү анын акылына акыл, билимине билим кошкон.

Манастын чекилигин түзөтүп турган. Баардык баатырлар сыяктуу эле Манастын мүнөзүндө да алабармандык, ачуусу чукулдук, кенебестик ж.б. терс сапаттар болгон. Мына ошондой учурларда аны ушул Бакай жайгарып койгон. Бир жолу атасы Жакып менен таарыныша түшүп терс карап кетип калганда Бакай: "Элдин милдетин алып, жердин намысын күткөн адам мындай балалык кылбайт, иним",- деп катуу кагып, кайтарып келет. Манастын жеке коопсуздугун да эң биринчи Бакай коргойт, Каныкейге үйлөнгөнү барып, таарынып, Букардын баарын чаап кетээрде анын ачуусун ушул Бакай абасы басып, сабырга келтирет. "Чоң казатта" элди элге салып, кырыштырып таштабай Бакай акылмандык кылып, урушту узарттырбай токтотуп калат. "Чоң казаттын" алдында Чубак менен Алмамбет чатакташып, Манас аларды эпке келтире албай турганда, баатыр айласы кетип куруганда Бакайга кайрылып: "Абаке, акылга дыйкан жан элеңиз, сөзүңүз жанга дары эле",- дегенде Чубакка барып, "Манастын Манас болмогу экөөбүздөн", "Биз ичибизден бузулсак, пил да болсок жыгылабыз, миң да болсок кырылабыз", "Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет" деген азыркы күндө да көп айтылып келе жаткан насаат кебин айтып экөөнү жараштырат. Ошон үчүн Манас ага карата "Айтышканда сырдашым, наалышканда муңдашым" дейт. Ал гана эмес, анын кеңешчилиги "Семетейде" да уланат. Семетей Бакайдын айткан сөзүн элес албай Коңурбайга каршы аттанып, жараланып келет да, Бакай атасынан кечирим сурайт.

Манас баатыр өз титулун ыйгарып иет. Эл башына өтө оор күн түшүп же тынымсыз согуш жүрүп жаткан учурда Манас ал адамга эл-журтту башкаруучулук тизгинин берип, "Кан Бакай" деп атап турат. Мисалы, Бээжинге жүрүш алдынан кеңеш кылып, 14 ханды чакырганда Манас хандыктан түшүп, Бакай хан болуп турат, себеби ал жерде олуя Бакай хандын акылмандыгы эң эле керек болгон. "Ак сакал Бакай абамды, калк атасы бабаңды, кан көтөрсөк канетет" деп Манас жалпы журтка кайрылганда эл колдоп чыгат. Бул жоокерлердин ынтымагы, колду туура баштоо, акырында жеңишке акыл менен жетүүнүн бирден-бир туура жолу эле.

Бакай — өкмөт башчы. Манас доорунда кыргыздар өз эгемен мамлекетин негиздейт, алардын башка өкмөттөр менен дипломатиялык мамилеси, кат алышуу маданияты, кеңсе кызматы уюштурулган. Сагымбай Орозбаковдун вариантында хан шайланган Манас: "Андай болсо келгин деп, келе мөөр бергин деп, катчыга катын жаздырды, жыйып алып кандарын, жыгалуу мөөрүн бастырды, чоң дептерге тапшырды" (Манас, 4-китеп, СО, 1982, 59), — деп хандыгынын демократиялык негизин (хандарды жыйып алышы) жана мыйзамга негизделгендигин (мөөр бастыруу) көрөбүз. Анан "Өкүмөт берип карыңа, көтөрсөңөр кантет деп, көк жалың айтты мындай кеп", — деп кадимки өкүмөт болгондугун көрөбүз. "Өкүмөт" деген сөз өзү "өкүм" дегенден келип чыккан, демек, анын өз мыйзамы жана ошого ылайык өкүмү болот. Ошол өкүмөт башчылыкка Бакай шайланат: "Бу сөздү маакул көрдүк деп, бул аскердин өкүмүн Эр Бакайга бердик деп, андай болсо келиңер, келе мөөр бериңер? Катчыга катын жаздырды, жыйып алып кандардын, жыгалуу мөөрүн бастырды, Эр Бакайга тапшырды". Буга караганда катчы кадимкидей буйрук чыгарат, мөөрдү өкүмөт башчы Бакайга тапшырат. Бул өкүмөттө хан шайлоо өтөт. Шайлоо процессинин жүрүшүнө көз салуу үчүн байкоочулардын отуруш формасы — уй мүйүз. Отуруш тартиби — эң төрдө Бакай карыя, эки жагында эң аксакалдар, андан кийин бектер, султандар, кийин бийлер, андан соң ар уруунун башчылары. Отурган жери — мал баспаган шибер, анын үстүнө килем, анын үстүнө баяндоос салынат. Отургандардын тамак-ашы — аякка толтурулган кымыз. Шайлоочуларга таратылып берилген нерсе — кумалак (көчмөн жашоонун символу). Отурган жердеги бош орун — алтын менен ширетилген эч кимдин буту баспаган ак кийиз. Хан шайлоо жыйынынын чечимин Бакай окуп берет.

Элдик дарыгер, табып. "Манас" эпосундагы каармандардан Бакайдын медицинасын өзүнчө бөлүп алып карап көрсөк болот. Бакай оорулууга адегенде абдан кылдат карап туруп, анан дартбелги коёт, мисалы, Жусуп Мамайдын вариантында Манасты Көкчө көз атып, баатыр жараланган учурда ага "ичегиси жыдыды" деген диагноз коёт. Мунун келип чыгышы Бакай табыптын аныктоосунда — кандын көп кетип кансырап калышы. Эми ага дан бербеш керек, коюу тамак бербеш керек, антпесе алар ичегини тешип кеткен да, адамды өлүмгө кириптер кылган. Андыктан "бармактай тамак таттырбайт, эс алган сайын баатырга муздак суудан ууртатат", жел киргизбей кымтылайт. Бул жол денедеги зат алмашууну теңдештирген да, ичегинин калыбына акырындап келүүсүн шарттаган. Мына ошол Бакайдын дарылоо ыкмасында сынган сөөктөрдү тартуу, сөөктөрдү жик-жиктеп ордуна коюу, шакшактоо, момуя (аркар таш) коюп таңуу ыкмалары колдонулат. Бул анын колунун жеңилдиги, сыныкчылык, таңыкчылык өнөрүнө маш экендигин көрсөтөт. Дагы бир жерде кайып болуп кеткен Семетейдин Бакай тууралуу мындай деп айтканы бар: "Калк карысы бабамдын, кисесинде дары бар, кишиден бөлөк баары бар. Эбеп деген бир дары, эсил Бакай колунда, ооруган жерди басчу эле. Себеп деген бир дары, умачтай көздү аччу эле" (Сейтек. 4-китеп. БКВ, Ф., 1960, 204-б.). Бул дарыларды Бакай жердин үстүн чалдырып, желмаянды мингизип, жекей бозду кийгизип, канчыдан алдырган. Кыргыздар азыркы күнгө чейин элдик медицинанын дарысын ичкенде же илимий медицинанын дарысын колдонсо, дале болсо "эбепке – себеп" деп коёт, балким ошол сөз Манас доорунан, Бакай атадан калгандыр. Элдик медицина адамдарды гана эмес, алардын минген аттарын дарылоодо да чоң мааниге ээ экендиги "Манас" эпосунун көптөгөн эпизоддорунда айтылат. Мисалы, калмактын Шыпшайдар мергенинин уулу Кожожаш урушта Семетейдин минген аты Тайбуурулду бутка атат. Ошондо Бакай табыпкерлик кылып мындай дарылайт: "Тайбуурулдун шыйрагын, булум менен чырмады. Чиритпей өзү сактайт деп, алтындан шакшак кылганы" (Семетей, 3-китеп, Ж.Мамай, Б., 1995, 180). Демек, мында булум, алтын шакшак — Бакайдын дарылоо каражаттары.

Элдик эсепчи. Семетей ата-тегин, эл-жерин издеп Таласка келгенде аны тааныбай жаткан Бакай мындай дейт: "Токтой тургун кулунум, эми күн эсебин алайын, күндү катка салайын. Жыл эсебин алайын, эми жылды катка салайын. Ал эле – чычкан, ал эле – уй, ал эле – жылкы, а да – барс, ал эле – коён, ал – жылан, ал эле – тоок, ал – улуу, ал эле – мечин, а да – кой, ал эле – доңуз, ал эле – ит, айкөлдөн калган кулунум, өлбөй жүрсө Семетей, быйыл он экиге толгон кез" (Семетей, БКВ, 385), — деп жыл сүрүп отуруп, Семетейдин келер учуру болгондугун аныктап чыгат.

Бакай — аскерий стратег жана тайманбас жоокер. Көп учурда манас таануучулар тарабынан Бакайдын мыкты уруш көрсөтөрү, баатырдыгы, балбандыгы көмүскөдө калат. Чынында эпосто Бакай акылман карыя гана эмес, аскердик машыгууларды өткөрүүнүн "тренери" катары да көрүнөт, ал "Көкөтөйдүн ашында" кырк чоро менен бирге отурган элге аскердик ыкмаларды оюн формасында көрсөтөт, демек, ал атайын аскердик машыгуудан өткөн жана анысын кийинки жаштарга өткөрүп берүүгө татыктуу адискөй. Дээрлик Манас менен бирге бардык согуштук жүрүштөргө катышып, "кызыл айчык туу аштап, кыраан Бакай жол баштап" жүрөт. Ал Текестин канын тактан оодарууда, Орго ханды, Акунбешимди жеңүүдө кол баштаган алтан, аяр чалгынчы, тайманбас жоокер экендигин көрсөтөт.

Бакай — кайып болгон каарман. Үчилтиктин соңунда Бакай да Манас, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Айчүрөктөргө кошулуп "Сапарыбыз карыбас – кезип жүрөр кез келди" деп, кайып болуп кетет. Бул - эл сүйгөн сүйүктүү каармандарын өлүмгө ыраа көрбөгөндүк.

Бакай — искусствонун башка түрлөрүндө. 1981-жылы Тургунбай Садыков "Манас" архитектуралык-скульптуралык композициясынын борбордук бөлүгүнө Бакайдын эстелигин коюп, аны Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына орноткон.

Бакайга байланыштуу аталыштар. Талас облусунун бир району ушул кишинин аты менен Бакай-Ата деп аталат. Ушул эле облуста "Бакайдын үңкүрү" деген жер бар, анын алдында ушул тапта да "Бакайдын ташы", "Бакайдын таш казаны" турат.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (293)

Тема боюнча

Манаска берген убадасынан тайган. Эпостогу Кыз Сайкал тууралуу 7 факты
Сталин окуп жактырган. "Биздин замандын кишилери" романы тууралуу 10 факты
Белгилер:
каармандык, даанышман, Манас эпосу, Манас, маданият, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ