БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүнө карата Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө Болот Шамшиев тарткан "Эрте келген турналар" менен Геннадий Базаров режиссёрлук кылган Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" тасмалары көрсөтүлө турганын Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.
Маалыматка ылайык, фильмдер 7-8-май күндөрү саат 15.00дө тартууланат.
Белгилей кетсек, эки тасма тең жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повесттеринин негизинде тартылган. "Эрте келген турналар" 1979-жылы экранга чыкса, "Саманчынын жолу" 1967-жылы элге көрсөтүлгөн.
Эки тасма тең кезинде жогорку даражалуу сыйлыктарга ээ болгон.