Өлгөндөн кийин бекерсиң! Коргоол Досу уулунун кеп казынасы

Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет төкмө акын Коргоол Досу уулунун термелерин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Коргоол Досу уулу болжол менен 1882-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндө төрөлгөн. Атасы уста, комузчу, апасы кошокчу болгондугу айтылат. Комуз черткенди атасынан үйрөнүп, кийин Ниязаалы комузчудан таалим алган. Ырчылык өнөрү 14 жашында башталган Коргоол Досу уулу ырчылык, комузчулук шыгын Токтогул Сатылганов менен бирге жүрүп өркүндөткөн.

Коргоол Досу уулу чындыкты бетке айтып, юморго жакын, өткүр тили менен өзгөчөлөнгөн ырчы болгон. Анын "Эски заман", "Ак Бакай", "Куйручукка жооп" "Терме" сыяктуу чыгармалары азыркыга чейин ырдалып, айтылып келет.

Коргоол Досу уулунун термелери:

Өмүр деген шекерсиң,

Өтүп бир күн кетерсиң.

Өмүр барда ойноп кал,

Өлгөндөн кийин бекерсиң.

Ажал чиркин аларда,

Айтып келбейт экенсиң.

Келериңди билдирип,

Керней менен сурнайды,

Тартып келбейт экенсиң.

***

Албан түркүн хан өткөн,

Ар бир түрлүү жан өткөн.

Алда кудай боздотуп,

Атадан мурун бала өткөн.

Ажалга айла табалбай,

Аким, табып кары өткөн.

Тактысынан куланып,

Так Сулайман дагы өткөн.

Эчен түркүн уз өткөн,

Энеден мурун кыз өткөн.

***

Созуласың өлгөндө,

Солдоесуң көмгөндө.

Аргасыздан көнөсүң,

Ажал башка келгенде.

Этеги жок, жеңи жок,

Эндей көйнөк киресиң.

Эшиги жок, төрү жок,

Ээн үйгө кирерсиң.

Жан киши жок жаныңда,

Жалгыз өзүң түнөөрсүң.

Тамак таппай жатарсың,

Таштан жаман катарсың.

***

Алышканга алдырбас,

Ажал күчтүү экенсиң.

Жаралгандан өлбөгөн,

Жаның мынча бекемсиң.

Алып барып көрүңө,

Азапка салаар бекенсиң.

***

Бел менен бутум бүгүлдү,

Берметтей тишим күбүлдү.

Каран калгыр карылык,

Каратып бузду түрүмдү.

Белимден кубат, күч качты,

Бетимди сакал, түк басты.

Мөңкүгөн менен түшпөгөн,

Мага бир мүйүздүү балээ учкашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0