Ава, тепек, бадоот... Ысык-Көлгө барганда жергиликтүүдөй сүйлөшүңүз

Жазылуу
Тилдин бай болушу үчүн диалект менен говорлордун мааниси чоң экендиги белгилүү эмеспи. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жети дубандын "ички" тилин тизмектеп берүүнү улантат.

"Тибиртке" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Ысык-Көл говоруна токтолдук. Адис белгилегендей, бул дубандагы диалектилик айырмачылыктар уруулар арасында кездешет. Материал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тилчи, диалектолог Толгонай Сыдыкованын жардамы менен жасалды.

Тырмоок (Тоңдун саяк уруусунда айтылат) — жерди тырмоочу курал;

Юг, жизнь и заботы - Sputnik Кыргызстан
Амаки, үзүк, өлүмсанки, горо... Баткенге барганда сыр бербей сүйлөшүңүз
Тырмак (Ак-Суунун солто уруусунда жана Түп районундагы бугу уруусунда колдонулат) — жерди тырмоочу курал;

Бадавод, бадоот — тамак же суюктук куюлуучу идиш, чоң чыны;

Очоккана (Тоңдогу саяк уруусу айтат) — тамак даярдалуучу жер;

Очок үй (Ак-Суудагы солто уруусунда айтылат) — тамак даярдалуучу жер;

Аш үй, кампа (Түптөгү бугу уруусунда айтылат) – тамак даярдалуучу жер;

Чанжы — чөп отоочу курал;

Тууралган кесме — бешбармак;

Элеген (Тоңдогу саяк уруусунда колдонулат) — кир жууй турган буюм. Кээ бир жерлерде дагара, тазик, таштек деп айтылат;

Илеген (Ак-Суудагы солто жана Түптөгү бугу уруусунда айтылат) — кир жууй турган буюм;

Ава, аба — атасынын эркек бир тууганы, өзүнөн улуу эркек бир тууганы;

Алты кат (Тоңдогу саяк уруусунда колдонулат) — жерге салынуучу төшөк;

Төргөрпө (Ак-Суудагы солто уруусунда колдонулат) — жерге салынуучу төшөк;

Facebook социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хайп, мем, дакфейс, челлендж... Соцтармактын "тилин" талдайбыз
Кепкир (Ак-Суунун солто жана Түптүн бугу уруусунда колдонулат) — тамак аралаштыруучу буюм;

Ашпурут (Тоңдогу саяк уруусунда колдонулат) — түштүк тарапта алмурут же нак;

Ашпуруд (Түптөгү бугу уруусунда айтылат) — алмурут;

Коро (Тоңдогу саяк уруусунда колдонулат) — өрүктүн көгү, быша элеги;

Көк өрүк (Түптөгү бугу уруусунда колдонулат) — өрүктүн көгү;

Мияз — пияз;

Савиз, абиз — сабиз;

Пенжек — эки жеңи жок үстүңкү кийим;

Тепек — козу карын.

Жаңылыктар түрмөгү
0