СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгы белгиленет. Программа

© Александр ФедоровСССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин, "Эмгек Кызыл Туу", "Эл достугу" ордендеринин ээси Даркүл Күйүкова. Архив
СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу ордендеринин ээси Даркүл Күйүкова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актриса 1919-жылы 29-октябрда Ворошилов районуна (азыркы Аламүдүн району) караштуу Төкөлдөш айылында туулган.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин, "Эмгек Кызыл Туу", "Эл достугу" ордендеринин ээси Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгы белгилене турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 29-апрелде Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө "Даркүл Күйүкова жана кыргыз киноискусствосу" деп аталган эскерүү кечесинен башталат. Анда "Өрүкзар мекени" аттуу көркөм тасма көрсөтүлмөкчү. Андан соң Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында "Талант жана тагдыр" спектакли тартууланат.

Съемки фильма Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Кан басымым жогору, өлүп калам... "Бакайдын жайытынан" таберик сүрөт
30-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Даркүл Күйүкова жана кыргыз театр искусствосу" аттуу илимий-практикалык конференция өтүп, актрисанын "Ала-Арча" көрүстөнүндөгү бейитине гүл коюлат. Мындан кийин Кыргыз улуттук академиялык драма театрында XI республикалык театр фестивалынын ачылышы өтүп, көргөзмө болот.

1-майда Чүй облустук театры "Тоолор кулаганда" (Орус драма театрында), Жалал-Абад облустук театры "Кыял" (Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында), Бабур атындагы өзбек театры "Король Лир" (Кыргыз драма театрында) спектаклдерин тартууламакчы.

2-май күнү Ош облустук драма театры "Үй камагы" (Кыргыз драма театрында), Жаш көрүүчүлөр театры "Письмо самолетики", Орус драма театры "Звериные истории", Кыргыз драма театры "Кылым карытар бир күн" спектаклдерин коет.

3-майда Ысык-Көл облустук театры Орус драма театрында "Көздөн учкан көк жээк" спектаклин тартууласа, Кыргыз драма театрында Нарын облустук театры "Жамийла" спектаклин көрсөтөт.

Андан соң фестиваль жабылат.

СССРдин эл артисти 1919-жылы 29-октябрда Ворошилов районуна (азыркы Аламүдүн району) караштуу Төкөлдөш айылында туулган. Дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланган кыз 10 жашынан тарта эле театрда роль жарата баштаган.

Эмгек жолун 17 жашында Фрунзе шаарындагы жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Ошол жылдары өспүрүм театрда кемпирдин образын жаратып, көрүүчү катары келген легендарлуу генерал-майор Иван Панфиловду таң калтырганы менен белгилүү. 1940-жылдан баштап Күйүкова Кыргыз драма театрында кесибин уланткан.

Актриса Таттыбүбү Турсунбаева - Sputnik Кыргызстан
Таттыбүбү Турсунбаеванын сандыктагы сүрөттөрү! Өң-түскө жуурулушкан талант
СССРдин эл артисти Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык ролду ийине жеткире аткарган. Алардын ичинен Кубанычбек Маликовдун пьесасында Жаңыл Мырзанын, Айтматовдун "Саманчынын жолу" спектаклинде Толгонайдын образын көпкө чейин аткарган. Табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актрисанын жогорку билими болгон эмес.

Күйүкова театр сахнасында дүйнөлүк, орус жана кыргыз классикалык драматургиясы боюнча коюлган спектаклдерде ондогон кейипкерлерди, өзгөчө энелердин образын жогорку чеберчиликте аткарып, кыргыз театр өнөрүндө улуттук мүнөздөгү кайталангыс театр мектебин түптөп кеткендердин бири.

Даркүл Күйүкова узакка созулган оорунун кесепетинен 1997-жылы каза болуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0