18:04 23 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR77.8085
  • RUB1.0831
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архив

Жаманкулов: көк бөрүнү түрк дүйнөсүнүн атынан ЮНЕСКОго киргизүүнү сунуштайм

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
89410

Жыйында Сулайман-Тоонун буфердик зонасына курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр тууралуу да талкуу болду.

ОШ, 21-апр. – Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов улуттук оюндарды, анын ичинде көк бөрүнү жана улуттук тамак-аштарды ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастарына түрк дүйнөсүнүн атынан киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу 21-апрель күнү Ош шаарындагы кыргыз-өзбек университетинде ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын жана комитеттеринин 7-жыйынында билдирди.

Жаманкуловдун айтымында, түрк элдеринин оюндары, каада-салттары, улуттук тамак-аштары да окшош келет.

"Түрк тилдүү мамлекеттердин ар бири улуттук оюндары менен тамак-аштарын өзүнө тарта бербей, баары чогуу түрк дүйнөсүнүн атынан ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарына киргизиши керек", — деди ал.

Мындан сырткары, аталган жыйында Ош шаарында Сулайман-Тоонун буфердик зонасына көп кабаттуу үйлөр салына баштап, бирок курулуш иштери токтотулгандыгы тууралуу сөз болду.

Жаманкулов мындан ары ЮНЕСКОнун атынан атайын комиссия келип текшерип, аталган аймакка канча кабат үй курууга болоорун аныктай тургандыгына токтолду.

Иш-чарада ЮНЕСКОго маданий мурастардын тизмесине киргизилген бир катар тарыхый мурастар да талкууга алынды.

Жыйынга ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын башкы катчылары, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсен Касеинов, президенттин кеңешчиси Султан Раев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышты.

Расмий делегациянын өкүлдөрү Ош шаарында өтүп жаткан "Ош шаары - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоору аркылуу каада-салттарды, Кыргызстанда жашаган бир катар улуттардын маданиятына күбө болгондуктары үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, көк бөрү оюну 2017-жылы Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.

Тема боюнча

АКШ ЮНЕСКО уюмунан расмий түрдө чыкты
Белгилер:
ЮНЕСКО, Көк бөрү, улуттук оюндар

ЭҢ МААНИЛҮҮ