Ошто ыр-күү жаңырып, ар кыл жарманкелер уюштурулду. Салтанаттын ирмемдери

© Фото / Зульфия ТургуноваПроект "Ош — культурный центр тюркской культуры"
Проект Ош — культурный центр тюркской культуры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Ош калаасында үч күн болот. Аны өткөрүүгө Ош шаардык мэриясынын казынасынан 5 млн. сом бөлүнгөн.

ОШ, 20-апр. – Sputnik. "Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоорунун экинчи күнү борбордук аянтта кыргыздын каада-салтын чагылдырган салтанат менен уланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Борбордук аянт улуттук колоритте жасалгаланып, бир катар боз үй тигилген. Анда калаадагы ар бир аймактык кеңештин өкүлдөрү кыргыздын улуттук жашоосун, салттарынан кабар берген буюмдарды коюшту. Дасторкон жайылып, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Азербайжандан келген коноктор даам сызды.

© Фото / Зульфия Тургунова"Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоорунун экинчи күнү борбордук аянтта кыргыздын каада-салтын чагылдырган салтанат менен уланды.
Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору эл аралык долбоорунун экинчи күнү борбордук аянтта кыргыздын каада-салтын чагылдырган салтанат менен уланды. - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоорунун экинчи күнү борбордук аянтта кыргыздын каада-салтын чагылдырган салтанат менен уланды.
© Фото / Зульфия ТургуноваБорбордук аянт улуттук колоритте жасалгаланып, бир катар боз үй тигилген.
Борбордук аянт улуттук колоритте жасалгаланып, бир катар боз үй тигилген. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Борбордук аянт улуттук колоритте жасалгаланып, бир катар боз үй тигилген.
© Фото / Зульфия ТургуноваАнда калаадагы ар бир аймактык кеңештин өкүлдөрү кыргыздын улуттук жашоосун, салттарынан кабар берген буюмдарды коюшту.
Анда калаадагы ар бир аймактык кеңештин өкүлдөрү кыргыздын улуттук жашоосун, салттарынан кабар берген буюмдарды коюшту. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анда калаадагы ар бир аймактык кеңештин өкүлдөрү кыргыздын улуттук жашоосун, салттарынан кабар берген буюмдарды коюшту.
1/3
"Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" эл аралык долбоорунун экинчи күнү борбордук аянтта кыргыздын каада-салтын чагылдырган салтанат менен уланды.
2/3
Борбордук аянт улуттук колоритте жасалгаланып, бир катар боз үй тигилген.
3/3
Анда калаадагы ар бир аймактык кеңештин өкүлдөрү кыргыздын улуттук жашоосун, салттарынан кабар берген буюмдарды коюшту.

Ал эми боз үйдүн айланасында ак элечек энелер каз катар тизилип, айрымдары комузда кол ойнотуп ырдашса, айрымдары чопо чоор тартышты.

Мындан сырткары, Ош шаарындагы кыргыз, өзбек, түрк, тажик, күрд, орус улутунун өкүлдөрү да улуттук бийлерин көрсөтүп, өз аспаптарында күүлөрүн жаңыртты.

Ушул эле борбордук аянттын бир тарабында ар кыл улуттун өкүлдөрүнүн улуттук тамак-аштарынын көргөзмө-жарманкеси уюштурулду. Кыргыздын улуттук азыгы болгон олобо, быжы, тажиктин ошим бурида оталасы жана башка даамдар сыйлуу конокторго тартууланды.

Экинчи тарабына Ош облусундагы уздар, усталар, зергерлердин колунан чыккан буюмдар коюлду. Аны аралаган киши улуттук баш жана сырт кийимдердин түрлөрүн, таардын сокмосу, суктанткан курак жана башка буюм-тайымдарды көрө алат.

Чебер айым Канымбү Асанакунованын эмгектери да көргөзмөдөн орун алды. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россия президенти Владимир Путиндин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сүрөттөрүн килемге түшүргөн. Андан сырткары, Сүймөнкул Чокморов, Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу кыргыздын атактуу инсандарынын элесин токуп чыккан.

"Бир чарчы метр килемге сүрөт тартуу 2-3 айлык эмгекти талап кылат. Колго согулган килемдер жакшы бааланат. Учурда бир килем 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин көлөмүнө жараша бааланууда", — деди ал.

Торжественное открытие мероприятий в рамках международного проекта Ош – Культурный центр Тюркского мира - Sputnik Кыргызстан
Сүмөлөк, ыр-күү. "Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" долбоору башталды. Сүрөттөр
Жергиликтүү эл конокторго алгач "Манас" айтып, андан сырткары, төкмөлөр өз тилинде төгүп, кыргыз жигиттери кыска убакытта боз үй тигүүнү көрсөтүп беришти.

Долбоор бүгүн, 20-апрелде, саат 19:00дө калаадагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда уланып, салтанат гала-концерт менен коштолмокчу.

Аталган иш-чараны өткөрүүгө Ош шаардык мэриясынын казынасынан 5 миллион сом бөлүнгөн. Муниципалитеттин маалымат кызматы республикалык казынадан да акча каражаты бөлүнүп берилгендигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0