12:10 18 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8305
  • EUR78.3044
  • RUB1.0857
Калпак. Архивдик сүрөт

Өлкөдө калпак боюнча республикалык сынак өтөт. Шарт-талабы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
26010

Иш-чаранын максаты — эркектердин салттуу баш кийимин жасоо ыкмаларын, өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, аны жасоо өнөрүн жандантуу, жайылтуу болуп саналат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух ордо" маданий борбору менен биргеликте калпак боюнча республикалык сынак өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Иш-чаранын максаты — эркектердин салттуу баш кийимин жасоо ыкмаларын, өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, аны жасоо өнөрүн жандантуу, жайылтуу болуп саналат.

Сынак эки этаптан турат.

1-этапта катышуучулар калпактары менен 2019-жылдын 20-майына чейин каттоодон өтөт. Ал калпактарга жеке номер берилип, тизмеге киргизип, андан соң калыстар тобунун тандоосуна коюлат. Тандоодон өткөн калпактар Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух ордо" маданий борборуна экспозицияга жиберилет. Ар бир экспозицияга коюлган калпактардын алдында автору тууралуу маалымат жазылат.

2-этапта "Рух ордо" маданий борборунда сынактын жыйынтыгы чыгарылып, сыйлык тапшыруу аземи, мастер-класстар өткөрүлөт.

Сынактын талаптары:

— калпактын кийизи табигый жүндөн колго басылган болуусу шарт;

— кыйыгы, кыргагы жана чачысы табигый болуусу зарыл;

— кийиз жана кездеме табигый болбосо, сынакка катыша албайт;

— сынакка бардык уздар, сүрөтчүлөр, студенттер, ишканалар катыша алат;

— таберик катары сакталган калпактар — муундан-муунга өтүп үй-бүлөдө сакталып келген калпактардын тарых таржымалы жана өзгөчөлүктөрү дагы каралат;

— дизайнерлик калпактар — ой, сүрөт жана чыгармачылыкты бириктирип, жаңы замандын кандайдыр бир талаптарына ылайыкташтырылган, бирок ошол эле кезде табигый болушу шарт.

Иш-чара "Кийиз дүйнө" коомдук фондусунун кеңсесинде (Бишкек шаары, Таттыбүбү көчөсү, 92 дарегинде) жана Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух ордо" маданий борборунда болот.

Тема боюнча

Ишкерлерге пайдалуу делген аймактардагы долбоорлорго сынак уланууда
Өкмөт мыкты экспортчуларды аныктоо үчүн сынак жарыялады
Белгилер:
ак калпак, баш кийим

ЭҢ МААНИЛҮҮ