"Ак Илбирс" сыйлыгы үчүн ат салышчулар дайын болду. Тизме

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы. Архив
Ак Илбирс улуттук киносыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир номинацияда үч талапкер күч сынашууда.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 2018-жылдын жыйынтыгы менен "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгынын номинанттары белгилүү болду. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Тизмеде мыкты тасма, мыкты сценарий, эркектин мыкты ролу, аялдын мыкты ролу номинациялары үчүн ат салышкандар бар.

"Мыкты тасма" номинациясы:

  • "Дарак ыры";
  • "Көк бөрү";
  • "Такебай".

"Мыкты режиссер":

  • Айбек Дайырбеков ("Дарак ыры");
  • Руслан Акун ("Көк бөрү");
  • Бакыт Осмонканов ("Такебай").

"Мыкты сценарий":

  • "Дарак ыры" (Айбек Дайырбеков, Садык Шер-Нияз);
  • "Көк бөрү" (Руслан Акун);
  • "Такебай" (Бакыт Осмонканов).

"Мыкты оператор":

  • Акжол Бекболотов ("Дарак ыры");
  • Мурат Алиев ("Көк бөрү");
  • Жуманазар Койчубеков ("Такебай").

"Мыкты сүрөтчү":

  • Максат Болотбеков ("Дарак ыры");
  • Максат Болотбеков ("Көк бөрү");
  • Элчибек Шаменов ("Такебай").

"Мыкты композитор":

  • Жолдошбек Апасов ("Дарак ыры");
  • Ырысбек Усманов ("Көк бөрү");
  • Ролан Сейитбеков ("Такебай").

"Мыкты үн режиссеру":

  • Бакыт Ниязалиев ("Дарак ыры");
  • Калыбек Шерниязов ("Көк бөрү");
  • Дмитрий Шаршенов ("Такебай").

Мыкты монтаж:

  • Элдияр Мадаким ("Дарак ыры");
  • Элдияр Мадаким ("Көк бөрү");
  • Улан Шеримбеков ("Такебай").

"Эркектин мыкты ролу":

  • Темирлан Сманбеков ("Дарак ыры");
  • Асан Аманов ("Көк бөрү");
  • Аскат Сулайманов ("Такебай").

"Аялдын мыкты ролу":

  • Таалайкан Абазова ("Дарак ыры");
  • Таалайкан Абазова ("Көк бөрү");
  • Альбина Имашова ("Такебай").

"Мыкты даректүү тасма":

  • "Дагы бир жолу сүйүү тууралуу", режиссеру Жанышбек Дадабаев;
  • "Мугалим", режиссеру Ибадылла Ажибаев;
  • "Узак", режиссеру Бегим Жолдубай кызы.

"Мыкты кыска метраждуу тасма":

  • "Куш үнү", режиссеру Арстан Дукуев;
  • "Чолпон", режиссеру Аманат Иманалиев;
  • "51+", режиссеру Данияр Абиров.

"Ак Илбирс" — мыкты кинематографисттерди сыйлоо үчүн жыл сайын өтө турган иш-чара. Сыйлыкка өткөн жылы тартылган ар кыл жанрдагы картиналар талапкер боло алат.

Жеңүүчүлөрдүн аты-жөнү 27-апрель күнү "Манас" кинотеатрында өткөн салтанатта белгилүү болот.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу — иш-чаранын эл аралык медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0