Кошок кошулганда өлүп калган турбаймбы дедим... "Биринчи мугалимдеги" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Актриса Мираида Далбаева - Sputnik Кыргызстан
Доктур болчу кыз актриса болуп калганда. Мираида Далбаеванын таберик сүрөтү
Кыргыз киносунун жылдызы Болот Бейшеналиев, Наталья Аринбасарова жана Даркүл Күйүкованын сүрөтү 1964-жылы Нарында тартылган.

Ал жылы Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде жаш режиссер Андрей Кончаловский "Биринчи мугалим" тасмасын тарткан.

Ошол кезеңди мектеп окуучусунун ролун аткарган Назирет Дубашев мындайча эскерет.

"Тасмада мугалим Дүйшөндү Болот Бейшеналиев, окуучу кызды Наталья Аринбасарова, анын апасынын образын Даркүл Күйүкова жараткан. Ал Жумгалдын Чаек айылына жакын жердеги Арал деген кыштактын четинде тартылган. Фильмдеги кичинекей балдар сынак аркылуу тандалып алынганбыз. Мен анда мектепте 3-класста окучумун. Аринбасарова болсо Москвадан келген. Кичинекей болгонубузга карабай аралашып жүрүп, сүрөттөгү Дүйшөндүн ызырынганын, Алтынайдын ыйлаганын көрүп калдык. Аябай көп кызыктуу окуялар болгон. Фильмде айылдагылар чогулуп алып кошок кошуп, мен ортосунда жаткан эпизод бар. Анда мен мектептеги өрттү өчүрөм деп каза болгон бала болуп жерде жаткан элем. Ошондо кошокту актерлор мыкты аткарышкан, чын эле өлүп калган окшойм деп да ойлоп кеттим. Бутумду кыймылдатып көрүп тирүү экенмин деп жатканым эсимде. Бул ири долбоорго Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова өңдүү залкарлар менен катышканыма азыркыга чейин сыймыктанам", — деди Дубашев.

"Биринчи мугалим" кийин сынчылардын купулуна толуп, Киевде өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда "Советтик экран" журналынын атайын байгесине, Римдеги кинофестивалда "Капитолий Юпитери" сыйлыгына татыган. Ошондой эле Франциянын Йере шаарында өткөн жаш кинематографисттердин эл аралык фестивалында калыстар тобунун атайын байгесине ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0