"Машырбек үйлөнөт" кайра коюлат

Жазылуу
Премьера 18-19-апрелде болот.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Шаршен Термечиков атындагы куудулдар театрында "Машырбек үйлөнөт" комедиясынын премьерасы болот. Бул туурасында театрдан билдиришти.

"Машырбек үйлөнөт" — улуттук драматургиянын классикасына айланып калган чыгармалардын бири.

"Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы куудулдар театрында белгилүү драматург Токтоболот Абдумомуновдун "Машырбек үйлөнөт" комедиясынын бет ачары болот. Режиссёру Улан Өмүралиев, балетмейстри Евгения Кулакова болду", — деп жазылган маалыматта.

Премьера 18-19-апрелде болот. Анын сүрөтчүсү Садыр Ниязакунов, режиссёрдун ассистенти Нуриза Амракулова, ал эми көркөмдөөчү Өмүрбек Токтокожоев экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0