Иранда өтчү эл аралык кинофестивалда "Дарак ыры" көрсөтүлөт

© Фото / Централ Азия фильм"Дарак ыры" тасмасынан кадр. Архив
Дарак ыры тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык тасманы башкы каарман Эсендин образын жараткан Өмүрбек Израилов сунуштамакчы.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ирандын Тегеран шаарында өтө турган "Фажр" эл аралык кинофестивалына Кыргызстандан режиссер Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы бара турганын Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматта иш-чара 18-26-апрель күндөрү өтө турганы айтылды.

"Фестиваль негизги сынак, Eastern Vista — Азия жана ислам мамлекеттеринин тасмалары, ошондой эле "фестивалдардын фестивалы" болуп үч секцияга бөлүнөт. "Дарак ыры" Eastern Vista бөлүгүндө көрсөтүлмөкчү", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, дагы сегиз секция иштей турганы белгилүү болду. Фестивалда калыстардын алты тобу иштейт. Кыргызстандык тасманы башкы каарман Эсендин образын жараткан Өмүрбек Израилов сунуштамакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0