14:32 16 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин архидвик сүрөтү

Бишкекте Төлөмүш Океевдин сейрек сүрөттөрүнүн көргөзмөсү өтөт

Александр Федоров
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
189 0 0

Маданий иш-чара эки жумага чейин уланмакчы.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Белгилүү режиссер Төлөмүш Океевдин жаркын элесине арналган сүрөт көргөзмөсү өтө турганын уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, маданий иш-чара Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм өнөр музейинде 19-апрелде башталып 5-майга чейин уланат. Анда СССРдин эл артисти өзү 70 жыл мурун тарткан сейрек сүрөттөр көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, кинематографисттин тасма тартуу учурундагы, замандаштары менен чогуу болгон ирмемдери коомчулуктун назарына сунушталат.

Кыргыз киносунун түптөөчүлөрүнүн бири Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарыкка келген. Ал "Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Алтын күз", "Кожожаш" тасмаларын тарткан.

Тема боюнча

Шайдуллаева: Жибек Жолу интерактивдүү көргөзмөсүнө кирүү акысыз
Бишкекке "Ялла" тобу менен ырчы Согдиана келет
Белгилер:
көргөзмө, Төлөмүш Океев, режиссер, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ