Сталин окуп жактырган. "Биздин замандын кишилери" романы тууралуу 10 факты

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүГенеральный секретарь ЦК ВКП Иосиф Сталин
Генеральный секретарь ЦК ВКП Иосиф Сталин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы эл башынан өткөн эң оор күндөр жазуучу катары Түгөлбай Сыдыкбековдун ички дүйнөсүнө тынчтык бербей, ошол кездеги Ала-Тоо аймагынын ар түрдүү окуялары, каармандары анын "Биздин замандын кишилери" романынын өзөгүн түздү.

Чыгарма Сталиндик сыйлыкка татып, улуттук адабиятыбызда мурда болуп көрбөгөн улуу жеңишти алып келген. Роман бир нече чет тилге которулду, жазуучунун да аброю өстү. Чыгарма тууралуу 10 факты сунушталат.

Роман сегиз жылдан соң гана китеп болуп жарыяланган. Түгөлбай Сыдыкбеков "Биздин замандын кишилерине" чейин "Кең-Суу" романынын биринчи, экинчи китептерин жазып, "Темир" романын жарыялап, кыргыз журтчулугуна ири эпикалык жанрдын бирден-бир чебери катары таанылып калган. "Биздин замандын кишилерин" 1943-жылдын башында жаза баштаган, айрым үзүндүлөрү "Советтик Кыргызстан" (кийинки "Ала-Тоо") журналына жарыяланган.

Кадр из фильма Ранние журавли - Sputnik Кыргызстан
"Эрте келген турналар" повести тууралуу кызыктуу 7 факты
Кыргызча жазылган роман эң алгач орусча чыккан. Ал кезде кырдаал ушундай татаал, кооптуу болчу. Ошондуктан К.Рахматуллин, кийин 1946-жылда ал каза болуп калган соң Абушахметов чыгарманы орусчага сөзмө-сөз которушкан да, Москвадан Горбунов деген котормочу менен сүйлөшүп, 1947-жылы текст орусчага которулуп даяр болуп 1948-жылы "Советсий писатель" басмасынан чыгып кетет. Китеп болуп чыкканга чейин эле 1947-жылы Москвада "Литературная газетага" (26-июнь), Ташкентте "Звезда Востока" журналына (№6) макалалар басылган. Романдын түп нускасы, башкача айтканда, кыргызчасы 1949-жылы гана жарык көргөн. 

Китеп чыга электе талкууга түшкөн. Романдын журналга чыккан үзүндүлөрү кыргыз жазуучулары менен адабиятчылары тарабынан талкууланып, Кыргызстан Жазуучулар союзунда негизинен көп сын пикирлер айтылган, ошон үчүн да Сыдыкбеков китебин Фрунзеден кыргызча бастырган эмес.

Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынын ичинен эң биринчи СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. "Биздин замандын кишилери" романын чыгарган басма өзү китепти Сталиндик сыйлыкка көрсөтүп, аны автор 1949-жылы алган. Бул окуя кыргыз асманында чагылгандын жаркылдашындай эле болгон. Ал учурда (1941-1954-жылдарда) СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы Сталин атындагы сыйлык деп аталчу жана үч даража менен белгиленчү. Кийин бул сыйлыкка, 1950-жылы Алыкул Осмоновдун "Мой дом" деген жыйнагы, 1952-жылы Касымалы Баялиновдун "Көл боюнда" повести көрсөтүлүп, бирок ала албай калышкан. 1957-1991-жылдарда СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы аталып, даражасы Лениндик сыйлыктан кийинки орунда турган. Тарыхта кийин кыргыз жазуучуларынан бир гана Чыңгыз Айтматов үч жолу татыктуу болгон. Демек, бул сыйлыкты кыргыздардан эң биринчи болуп Түгөлбай Сыдыкбеков алган. "Биздин замандын кишилери" романынын Сталиндин атындагы сыйлыкка жетишүүсү, анын авторун коргоп гана калбастан, анын көптөгөн тилдерге которулушуна шарт түзгөн, ошол эле кезде экинчи жагы айрым кыргыз жазуучуларынын көрө албастыгын ойготкон.

Сталинге жаккандыгы айтылып келет. Такталбаган маалыматтар боюнча романдын орусча сөзмө-сөз котормосун сыйлык берерде Сталин өзү окуп чыккан экен. Анан жардамчыларынан "бул киши партияга мүчөбү" деп сураптыр. Коммунист эмес экенин билген соң "партияга тез кабыл алгыла" дегени айтылып келет. Бирок жазуучу партияга өтпөй, өмүр бою "безпартийный" болуп жашады.

Народному артисту КР, режиссеру Болоту Шамшиеву — 75.  Неизвестные фото за кадром - Sputnik Кыргызстан
"Фудзиямадагы кадыр түн" драмасы тууралуу кызыктуу 12 факты
Татаал жылдардын тар жолунан аман чыккан. "Биздин замандын кишилери" романы жарык көргөн жылдарда советтик идеологияда жана саясатта адабият менен искусствону "жат элементтерден тазалоо", "саясатташтыруу" жүрүп, ВКП(б) Борбордук Комитетинин "Звезда", "Ленинград" журналдары жөнүндөгү токтомуна негизделинип көптөгөн китептер, анын ичинде Ташым Байжиев менен Зияш Бектенов жазган мектептер үчүн окуу китептери, Тазабек Саманчиндин диссертациясы, монографиясы, "Бир туугандар" деп аталган аңгемелер жыйнактары, дагы башка көптөгөн эмгектер колдонуудан алынып, "Манаска" чабуул башталып турган. Мына ушул адабиятка партиялык жетекчиликтен улам "Биздин замандын кишилеринин" конфликтилери жумшартылып, саясий, интернационалдык руху күчөтүлгөн да, алар коммунисттик партия талап кылган мүдөөлөргө ылайык келип калган.

Роман кыргыз айылын дүйнөгө таанытты. Кыргыз адабиятындагы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына чейин чет тилдерге эң көп которулган чыгарма ушул роман болгон. Орус тилинде "Люди наших дней" деген ат менен 1949, 1950, 1951, 1955, 1957, 1987-жылдарда көп нускада басылат. Латыш (1949), казак (1950), өзбек (1951, 1952, 1953), украин (1953), түркмөн (1958), литва (1958), тажик (1959), азербайжан (1962), румын (1951), венгер (1951), поляк (1951), чех (1951), словак (1952), кытай (1956, 1959), болгар (1958) ж.б. тилдерде китеп болуп чыгат.

Кытайга кеткен жазуучунун инилери роман менен алгач казак тилинде таанышкан. Сыдыкбековдун Кең-Суудагы туугандарынын бири, кийин таанымал жазуучу болгон Аман Саспаев Пекиндеги Борбордук улуттар институтунда окуп жүрүп, китепканадан Түгөлбай Сыдыкбековдун "Биздин замандын кишилери" романынын казак, "Тоо балдары" романынын уйгур тилиндеги котормолорун таап, ошолордон өз айлынын картинасы менен бөтөн жерде, бөтөн тилдерде таанышкан.

Карышкыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кыямат" романы тууралуу кызыктуу 13 факты. Айтматовго "айланган" карышкыр
"Биздин замандын кишилеринин" сюжети жана композициясы. Роман Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы бир колхоздун тылдагы эмгектерин, адамдардын сүйүүсүн, жаштар менен карылар мамилесин, калктын жеңиш үчүн талбай иштөөсүн, кайраткерлигин, майтарылбастыгын көрсөтөт. Окуя Ысык-Көлдүн боюндагы бир колхоздун тынч турмушун сүрөттөө, жаңы замандын бактылуу адамдарынын эл-жер көрүүсү, кыргыз жериндеги өзгөрүүлөрдү өз көзү менен байкаган саякаттарын чагылдыруу менен башталат. Ошол кезде эмгекчилер электр станциясын курууга камынып жаткан. Жумушка шымаланып баары чыккан күнү согуш кабары угулат. Колхоз башкармасы Шамбет, аны менен курбулар Элебес, Сергей кан майданга аттанат. Эми ээнсиреген тылдагы колхоздо калган кары-картаңдар, кыз-келиндер Чаргын башкарманын жетекчилиги менен күнү-түн эмгектенип, жеңиш үчүн жан аябай күрөшөт. Бир айылдын адамдары бүт эмгекке тартылат: Дмитрий карыя устаканада, Акман карыя жылкы четинде, жети жашар Салморбек достору менен танк үчүн темир сыныктарын жыйноодо, жаш кыз Гүлнар эсепчиликте иштешет, аялдар жер айдашат, чөп чабышат, чөп жүктөшөт, түнү бошой калганда аскерлерге кол кап, байпак токушат. Башкы каарман - карапайым, ак көңүл, иштемчил, мекенчил жигит Чаргын. Ал колхоз башкармасы. Анын сүйүктүүсү бир сырдуу, ачылып сүйлөбөгөн Батма. Ошол кездеги саясатка ылайык улуу жеңиштин кыймылдаткыч күчү болгон эл достугу Метрей менен Акман карыянын, Любанын образдары аркылуу чагылдырылат. Каркылдак, Чегиртке сыяктуу каармандар алсыз жана каршылаштарына тез эле жеңилип берет. Романда негизги окуя согуш жылдарындагы бир айылдын турмушун көрсөтүүгө арналса да, жапа тырмак колхозго кирүү тууралуу Мыскалдын, фронт жөнүндө Сергейдин, өз өткөнү тууралуу Чегирткенин баяндары ж.б. эскерүүлөр сюжеттик сызыкты ары-бери буруп турат. Бир катар образдар психологиялык тереңдик менен ачылгандыгы, жаратылыш көрүнүштөрүн чебер берүү, адам мүнөздөрүн таамай тартуу жагынан кыргыз романындагы ийгилик болгон. Ошол эле кезде азыркы окурмандын ой жүгүртүүсү менен караганда, саясатка ылайыктап жасалма интернационализм жаратуу, публицизм, айрым учурда фольклордук таасирден арыла албоочулук, ошол кездеги советтик адабияттагы "конфликтсиздик теориясынын" таасири  сыяктуу көрүнүштөр оркоюп чыгып турат.

1956-жылдагы талкууга жем таштаган. "Ала-Тоо" журналынын 1956-жылдын июль айындагы санына Аалы Токомбаевдин "Бетме-бет кеңири кеңешели" деген макаласы жарыяланып, "Биздин замандын кишилери" романы катуу сынга алынган. Ошондон кийин Кеңешбек Асаналиев, Киреше Иманалиев, студент Камбаралы Бобулов бул чыгарма тууралуу ойлорун ортого салган. Журналдын №12 санына Сыдыкбековдун "Аалы Токомбаевге ачык кат" деген макаласы басылган. Бул роман ошол жылдарда кыргыз адабиятынын тарыхындагы кызуу талкуулардын бирине жем таштагандыгы менен да эсте калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0