Актриса Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдык юбилейине карата бенефиси өтөт

© Фото / предоставлено Нуркыз Рускул кызыАктриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиева
Актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 17-18-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдык мааракеси белгиленип, бенефиси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Иш-чара 17-18-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот.

Актрисанын күйөрмандары бенефиске күбө болгончо, азербайжан жазуучусу Эльчин Эфендиевдин "Рахмат сага, Шекспир" спектаклинин бет ачарын да көрө алышарын уюштуруучулар билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0